1945-жылдын августунда америкалык учкучтар Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына атомдук бомбаларды ташташкан. Атомдук жарылуудан жана анын кесепетинен 350 миң калкы бар Хиросимада 140 миң адам, 200 миңге жакын калктуу Нагасакиде 74 миң киши каза болгон.
Атомдук бомбалоонун курмандыктарынын басымдуу көпчүлүгү карапайым калк болгон. Япондуктар Хиросима менен Нагасакидеги каргашалуу окуянын курмандыктарын жыл сайын 6-9-августта эскеришет.
Америкалык учкучтар Хиросимага “Балакай” деп аталган бомбаны таштап, акыркы 43 секундду санашкан. Ал эми бир аздан кийин башына өлүм келе турган адамдар эч нерседен күмөн санабай кадимки эртең мененки жумуштары менен алек болушкан.
Атом бомбаларынын жарылышы жүз миңдеген япондуктардын жашоосун үзгүлтүккө учуратты же түбөлүккө өзгөрттү. Эмне үчүн алар ондогон жылдар бою бул кайгы жөнүндө үн катпай келишкен жана эмне үчүн АКШга ачууланышкан эмес?
Каргашалуу таң
Бешинчи класстын окуучусу Такаси үчүн 1945-жылдын 6-август күнүнүн таңы бактылуу күн болгон – ал акыры үйүндө болчу. Ал буга чейин шаардын сыртындагы эвакуация борборунда жашаган, аны 4-августта апасы алып кеткен. Апасы Хиросимага бир нече күндөн кийин кайтып барууну каалаган, бирок Такаси андан эртерээк кетүүнү суранган. Ал буга дагы деле өзүн күнөөлөп келет. “Биз кечинде келдик, – деп эскерет 82 жаштагы Такаси Терамото.
– “Эртең менен мен короодо болчумун, достор менен ойноп, баарлашып жаткам. Апам шаштырып калды, ооруканага бармакбыз. Даярдануу үчүн үйгө кирсем, терезеден бир нерсе жалбырттады. Жана — караңгылык. Ал эпицентрден бир чакырым алыстыкта болгон. Ойгонгондо, алыстан үрөй учуруучу жаркыроону көргөн. “Мен аны көздөй жөнөдүм, кандайдыр бир жол менен негизги жолго түшүп калдым. Кошунам мени көрүп, менин ким экенимди сурады. Менин канга боёлгон бетим таанылгыс болчу. Ал мени артына салып тоолордогу коопсуз жайга чейин көтөрүп барды”- деп эскерет Такаси.
Нагасаки шаарынын тургуну Сигеко Матсумото үчүн 9-августтун таңы дагы кубанычтуу болгон. Бомбадан коргонуучу жайда бир нече күн отургандан кийин, ал акыры курдаштары менен көчөдө ойной алган. “Сирена болгон эмес, ошондуктан баары үйгө кайтышкан. Биз бир туугандарым менен чоң атабыздын бизди алып кетишин күтүп жаттык. Саат 11:02де асман ачык-ак болду”, – дейт ал. Нагасакиге ташталган “Семиз” деп аталган бомба андан 800 метр алыстыкта жарылган.
“Жарылуу толкуну бизди кайрадан бомбадан коргонуучу жайга ыргытты. Биз ал жерде шок болуп, жарадар болуп отурдук. Бизге баары күйүк алган адамдар кирип жатышты. Терилери саландаган, чачтары күйүп кеткен, – бул Мацумотонун дагы деле үрөйүн учуратат. — Көбү ушул жерде өлүп жатышты, өлүктөр үйүлүп калган. Жагымсыз жыт жана ысыктык чыдагыс болчу”. Ал минтип үч күн өткөргөн. Андан кийин чоң атасы аны бир туугандары менен таап, үйүнө алып кеткен. “Сырттагы ошол тозокту эч качан унутпайм: жерде күйгөн денелер. Дарыядагы шишиген, кызгылт көк болгон миндеген өлүктөр… Чоң атам менден бир-эки кадам озуп кеткен сайын “Токтогула!” деп кыйкырам. Ошол жакта калып калам деген ойдон коркком” – деп билдирет ал. Анын учуру уникалдуу. Эпицентрден ушунчалык аралыкта заматта мерт болушкан. Бирок күндөн күнгө, айдан айга аман калгандар да өлүштү.
1945-жылдын аягында жалпы курмандыктардын саны 80 миң кишиге жеткен. Хиросимада — 70 миң.
“Хиросимадан эвакуациялык борборго бараткан жолдо жолуккан адамдардын дээрлик бардыгы көз жумду. Жада калса, мени ал жакка алып барган аял да, – дейт Терамото. — Бир айдан кийин чачым түшүп жатканын байкадым. Бүт денем ооруп, төшөктөн көпкө тура албай калдым. “Ал аман калат деп ойлойсуңарбы?”,- деген шыбырларды угуп жаттым. Бирок өлүмдөн коркконум эсимде жок”, – деп билдири ал.
Хиросимага жашоо акырындап кайтып келе баштады. Жарылуудан кийин үчүнчү күнү поезддер иштей баштады, урандылардын арасында жаңы үйлөр пайда боло баштады, көчөлөргө соодагерлер чыгышты. Мектептер 1946-жылы апрелде ачылды. Терамото дагы окуусуна кайтып барган. Бүгүнкү күндө Японияда ага окшогон адамдарды “хибакуся – аман калгандар” деп аташат. Ушул ондогон жылдар бою алар өтө оор мезгилди баштан кечиришти.
Америкалыктарды жек көрүшүп, бирок ачуусун ичине сакташкан
“Жумушка орношууда кыйынчылыктар болду, жеке жашообузда дагы, ошондуктан биз аны эстөөнү токтотуп, унутууга аракет кылдык. Биз эч качан эч кимге сырыбызды ачпоону макулдаштык”, – дейт Япониянын эң белгилүү хибакусяларынын бири Кейко Огуро.
Узак убакыт бою алар чындыгында үн катышкан жок. Алар америкалыктарды жек көрүшкөн, бирок ачуусун ичине кармашкан: өлкөдө коалиция аскерлери болгон жана цензура өкүм сүрүп турган. Ошол эле учурда, көптөгөн адамдар аман калганына өзүлөрүн күнөөлүү сезишкен. “Биз өзүбүзгө өзүбүз ачууланчыбыз. Жабыркагандарга жардам бере албай жатканыбыз бизди кыйнады, бир нерсени оңдой албаганыбызга намыстанганбыз”, – деп түшүндүрөт Кейко Огуро. Бирок эми ал кайгыны баштан өткөрүү үчүн бул жөнүндө айтуу керек экенин түшүндү.
Ошентип хибакуся үн катпоону бузган. Уюмдар пайда болгон, алардын максаты – тирүү калгандардын эстөөлөрүн сактап калып, аны кийики муунадарга өткөрүп берүү болгон. Бүгүнкү күндө Японияда бул иш A-bomb Legacy Successors программасынын алкагында жүргүзүлөт.
Чогулган материалдар Хиросимадагы Тынчтык мемориалдык музейинин кызматкерлери тарабынан текшерилет, андан кийин волонтерлор иштей башташат: туристтер менен мектеп окуучуларын тирүү калгандардын окуялары менен тааныштырышат. Тошико Окамото музейде экскурсия жүргүзөт. Ал үчүн ага акча да төлөнөт, бирок акча аны аз тынчсыздандырат.
“Эң негизгиси, жаңы муундар өзөктүк согуштун коркунучун түшүнүшү керек. Жарылуудан жана радиациядан жабыркабасам дагы, жабыр тарткандарга аябай жаным ачыйт” – деди ал РИА Новостиге.
Анын айтымында, япондуктар бардык жамандыктын булагы согуш өзү болгонун, ага катышкан элдер эмес экендигин түшүнгөндөн кийин, өз жерине бомба таштагандарга карата ачууланууну жана жек көрүүнү жеңишкен. “Азыр телекөрсөтүүлөрдөн Япониянын жакындагы тарыхы жана анын Экинчи дүйнөлүк согуштагы ролу тууралуу көптөгөн сюжеттер көрсөтүлөт”, – деди Окамото, мындай нерселерге эч кандай тыю салуулар жок экенин белгилеп.
“Коронавирус эпидемиясы жана анын кесепеттери япондордун 75 жыл мурун башынан өткөргөн окуяларын дүйнө жүзүндөгү адамдардын эсине түшүрүшү керек. Анда дагы жаны оору радиация тууралуу эч ким эч нерсе билген эмес, анын дарысы жок болгон”- , дейт хибакуся Кейко Огуро.
Ал жакында 86 жашка чыгат, улгайган жашына карабастан – ал дагы деле көптөгөн адамдарга өз тагдыры жөнүндө айтып берүүгө жана жаш муундарга тынчтыктын жана кызматташтыктын зарылдыгын түшүндүрүүгө жардам берүүгө жетишерине үмүттөнөт.
Белгилей кетсек, 6-9-августта Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасы ташталганына 78 жыл толду.
Булак: РИА Новости (архивдик материал)