Эрдоган Россия менен Украинага ортомчу болобу?

 Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин менен пландалып жаткан жолугушууда Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоону сунуш кылуу ниетинде.

Бул тууралуу түрк лидеринин администрациясындагы булак РИА Новостиге билдирген.

“Президент мырза (Тайип Эрдоган – ред.) жаңжалды жөнгө салууга ортомчу болууну сунуштайт. Ал согушта жеңүүчү, ал эми тынчтык процессинде жеңилген болбойт деген тезисти кайрадан айтат”, – деди маалымат булагы.

Анын айтымында, Анкара ок атууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү баштоону жактайт. Булак Эрдоганды Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин чын ишенимине кирген, алар менен байланышта болгон жана аймакта тынчтык орнотуу үчүн бардыгын жасаган жалгыз дүйнөлүк лидер деп атаган.

Өткөн аптада Кремль Роосия менен Түркиянын башчылары жакында боло турган жолугушуунун ордун жана датасын так аныктоону макулдашканын билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде эки тараптуу мамилелер, Украина жана дан келишими бар.

Комментарий жиберүү