Сауд Аравия 8 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына электрондук виза бере баштайт

 Кыргызстандын жарандары Сауд Аравияга баруу үчүн электрондук виза ала алышат. Бул тууралуу Падышалыктын Туризм министрлиги соцтармактагы баракчасынан билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Сауд Аравияга электрондук визаны Кыргызстандын жарандарынан тышкары Албания, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Тажикстан, Мальдив аралдары жана Түштүк Африканын жашоочулары да ала алышат.

Министрлик бул виза менен саякаттоого, эс алууга, туугандарына жана досторуна зыярат кылууга, умра зыяратына барууга болорун билдирди.

Сауд Аравиянын электрондук визасы бир жылдык мөөнөткө берилет жана туристтерге өлкөдө 90 күнгө чейин калууга мүмкүндүк берет.Ошол эле учурда министрликтин билдирүүсүндө баса белгиленгендей, электрондук виза Сауд Аравияда толук ажылыкка барууга, ошондой эле жашоого же иштөөгө укук бербейт.Электрондук виза берүү программасы Эр-Рияд тарабынан 2019-жылы башталган жана биринчи этапта 49 өлкөнү камтыган, эми азыр электрондук визаны 57 мамлекеттин жарандары алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Комментарий жиберүү