Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстан кайсы орунда?

 Финляндия алтынчы жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды.

Мындай жыйынтык БУУнун тапшырмасы менен эксперттер тобу тарабынан даярдалган “World Happieness Report” докладында айтылат.

Быйыл Финляндия кайрадан биринчи орунга илинип, экинчи жана үчүнчү катарды Дания менен Исландия ээледи. 

Алдыңкы ондуктун ичинен Израиль өлкөсү эң чоң өсүштү көрсөттү – ал быйыл тогузунчу орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү. Андан кийинки орундарды Нидерландия, Швеция, Норвегия, Швейцария, Люксембург жана Жаңы Зеландия ээледи.

Рейтингде Кыргызстан 62 орунда турат. 

Россия быйыл 80-орундан 70-орунга көтөрүлгөн. Ал эми СССРдин мурдагы республикаларынын ичинен Литва (20), Эстония (31), Латвия (41), Казакстан (44), Өзбекстан (54), Армения (79), Тажикстан (80), Грузия (90), Украина (92) сапка илинди. 

Рейтингде эң акыркы орундарды ээлеген, эң бактысыз өлкөлөр делип Ооганстан (137) менен Ливан (136) эсептелди.

Аталган доклад 2012-жылдан бери жыл сайын чыгарылып келет. Аны түзүүдө изилдөөчүлөр киши башына эсептелчү ИДП, социалдык колдоонун деңгээли, жашоонун узактыгы, жарандык эркиндиктердин сакталышы, коррупциянын деңгээли, ошондой эле коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары сыяктуу факторлор эске алынган.

Рейтинг 20-мартта белгиленүүчү Эл аралык бакыт күнүнө арналып чыгарылган.

Комментарий жиберүү