13-марттан 16-мартка чейин Бишкекте Ирандын маданият күндөрү өтөт. Иш-чаранын расмий ачылышы 13-март, саат 11: 00дө Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде болот. Маданият күндөрүнүн алкагында Ирандын каллиграфия, миниатюра, сырдалган эмаль, торевтика жана маркетри сыяктуу искусство түрлөрү менен таанышууга болот. Иш чаранын алкагында көргөзмө жана мастер-класстар өткөрүлүп, келген коноктор перс каллиграфиясынын дээрлик бардык кол жазмаларын (куфи, насх, сулс, наста’лик, шекасте ж.б.) жана сефевид жана кажар стилинде жазылган миниатюраларды көрө алышат. Мындан тышкары, Исфахандагы минакари мектебинин…
Прочитайте большеДайджест
Канаданын Ванкувер шаарында самолётко чагылган түштү
Канаданын Ванкувер шаарында жүргүнчүлөр учуп бараткан самолётко чагылгандын соккусу түштү. Кырсык учурунда Boeing 777-300 самолётунда 550 жүргүнчү болгон. Ванкуверден Лондонго учуп бараткан Air Canada авиакомпаниясынын Boeing 777-300 самолёту чагылгандын соккусуна кокусунан туш болгон. Бактыга жараша трагедиядан лайнерге орнотулган атайын чагылганды басуучу системанын жардамы менен аман калууга мүмкүнчүлүк болгон. АКШнын Улуттук метрологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр самолётуна «чагылган орто эсеп менен бир жылда бир-эки ирет тиет».
Прочитайте большеБишкекте Кыргызстан менен Ирандагы аялдардын орду жана ролу талкууланды
Кыргызстан менен Ирандын маданияты жана салттары абдан окшош. Бул өлкөлөрдүн элдеринин арасында аялдар жана аларга болгон мамилеси чоң мааниге ээ. Мунун баары алардын адабиятында, кинематографиясында, искусствосунда жана башкаларда да чагылдырылган. 8-март – Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоонун алдында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Эки өлкөнүн коомдорундагы аялдардын орду жана ролу” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Уюштуруучулар Ирандын Кыргызстандагы элчилиги, КУУнун ректораты, Ирандын Маданий өкүлчүлүгү, ошондой эле КР Аялдар Конгресси болду. Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Голам…
Прочитайте больше“Мусулман айым” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сүрөт
“Ак Багыт” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюшулган “Мусулман айым” кароо-сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын демөөрчүсү Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү болду. Онлайн кароо-сынак 2 багыт боюнча жүргүзүлдү: Мусулман айымдын кийими сиздин жашооңузда; Катышуучулар видео форматта 1-2 минуттук видео менен интернет желесине, өз баракчаларына жарыялоосу керек болгон. Бул сынак 1 ай мурун жарыяланып 20-февралга чейин созулуп, жыйынтык чыккан. Кароо-сынактын катышуучуларын сыйлоо аземи борбор калаадагы “Ыйман” мечитинде өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай…
Прочитайте большеИранда эки маанилүү шайлоо өтүп жатат
Иранда парламенттик (Межлис) шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоо менен кошо эле Эксперттер кеңешинин мүчөлөрү (дин өкүлдөрүнөн турган парламенттеги орган) да шайланмакчы. Ирандын улуттук шайлоо штабынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары өлкө боюнча бардык провинцияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн баштап иштей баштады. Участкалар жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө чейин ачык болот. Добуш берүүгө өлкөнүн 87 миллион жаранынын 61 миллиондон ашыгы укуктуу. Быйыл Межлиске шайлоого 15 миңге жакын талапкерге, Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого 144…
Прочитайте большеБорбор Азия өлкөлөрү сууну кантип бөлүштү?
Трансчегаралык дарыялар аларга куйган агымдын азайгандыгынан улам каалагандай сууну бере албайт Борбор Азия жыл сайын Амударья жана Сырдарья бассейндеринен сугат үчүн 60 млрд кубометрден ашык сууну колдонот. Бул Нурек суу сактагычынын долбоордук сыйымдуулугунан 6 эсе чоң. Бирок акыркы жылдары иш жүзүндө суу кампалардын өлчөмүнүн болжолдуу 70-80%ы пайдаланылат. Себеби трансчегаралык дарыялар аларга куйган агымдын азайгандыгынан улам каалагандай сууну бере албайт. Кар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын…
Прочитайте больше“Палестинага боштондук!”: Израилдин Вашингтондогу элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер каза болду
Израилдин Газа тилкесиндеги операцияларына нааразычылык көрсөтүп, Вашингтондогу Израилдин элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу АКШнын аба күчтөрүнүн басма сөз кызматынын башчысы Энн Стефанек ырастаганын ТАСС агенттиги жазды. АКШнын аба күчтөрүнүн аскери нааразылык акциясын жекшемби күнү Израилдин Вашингтондогу элчилигинин кире беришинин алдында өткөргөн. Ал эмне болуп жатканын Twitch стриминг кызматы аркылуу түз эфирде көрсөткөн. Ал АКШнын Аба күчтөрүнүн аскер кызматчысы экенин билдирген. “Мен мындан ары геноцидге катышпайм”, – деген…
Прочитайте большеКыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт
19-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана Бишкекте боло турган Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Атаханов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, анын ичинде транспорт, айыл чарба, логистика, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Маектешүүнүн соңунда…
Прочитайте большеЭквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды
Эквадор бийлиги “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери катуу режимдеги абактан качкандан кийин коопсуздук тармагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкөдө «ички куралдуу кагылышуу» режимин киргизди. Өлкөнүн абактарында тополоң чыгып, бүтүндөй өлкөдө баш аламандыктар башталды. Соңку маалыматтарга караганда, тополоңдо кеминде 13 адам каза болду. Окуянын чоо-жайы 7-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эквадордогу пенитенциардык мекемелерде башаламандыктар орун алганын билдирген. Башаламандык “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери Фито лакап аты бар Адольфо Масиас Гуаякиль шаарынын түрмөсүнөн качып кеткенден кийин башталган. Анын кайда экени белгисиз…
Прочитайте большеПрезидент кыргызстандыктарды руханий өзөгүбүзгө кайтууга үндөдү
Бул тууралуу мамлекет башчы 2023-жылы 31-декабрда Чүй облусунун “Орловка” лыжа базасында жалпы Кыргызстандын элин жаңы – 2024-жылы менен куттуктоосунда айтты. Президент мекендештерин куттуктоосунда мындай деди: – Урматтуу мекендештер! Дал ушул куттуу Чүй жергесинен туруп, маданиятыбызды көтөрүүгө жана билимибизди арттырууга үндөп кетер элем. Чынында, соңку 30 жылдык тарыхыбызда жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, элибиз мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кетти. Коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандарыбыздын катмары…
Прочитайте большеМиллиарддаган доллар жана деңиз портторуна чыгуу – ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишиминин кандай пайдасы бар?
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Ирандын эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшу экономикалык кызыкчылыктардын чегинен чыгып, калыптанып жаткан көп уюлдук системанын ичиндеги байланыштарды чыңдоого жардам берип, өлкөлөрдү Батыштын үстөмдүгүнө каршы күрөштө күчтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк кылат. Мындай пикирин талдоочу жана «Правда» гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы Сергей Кожемякин Ирандын “Fars News” агенттигине билдирди. Анын айтымында, 2023-жыл оңой болгон жок. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы буга чейинки чыр-чатактар тереңдеп, жаңылары пайда болду. АКШнын түздөн-түз катышуусу менен Палестинадагы геноцид бүткүл Жакынкы Чыгышта – Сирия…
Прочитайте большеТ. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды көзөмөлдөө керек”
Акыркы убакта электрондук чылымдар менен энергетикалык суусундуктардын адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизгендигине карабастан өтө тездик менен дүйнөлүк коомчулукта кеңири жайылып келе жатат. Мунун эпкини Кыргызстанга да келип жетип, эки жыл аралыгында даана байкала баштады. Бул каражаттардын кесепети адамдардын ден соолугуна тийгизген кесепетинен тышкары, тагдырын да талкалаарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да төгүнгө чыгарбайт. Бул маселени Жогорку Кеңештин трибунасынан бир нече жолу көтөрүп келе жаткан депутат Таалайбек Масабиров менен вейп чылымдары жана энергетикалык суусундуктардын жаштардын ден соолугуна тийгизген…
Прочитайте большеЭң узун түн. «Шаб-е Ялда» эмне болгон майрам?
«Шаб-е Ялда» же «Челле түнү» – жылдын эң узун түнү катары бегиленүүчү ирандыктардын байыркы майрамы. Кыргызстанда аны кыштын эң суук 40 күнү келген «Чилде түнү» деп аташат. Күздүн кетишин, кыштын келишин айгинелеген бул түнү бүт үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, өзгөчө майрамдашат. Ялда түнү күз мезгилдин акыркы күнү күн баткандан баштап, кыш мезгилинин биринчи күнү күн чыкканга чейин майрамдалат, анткени бул күндөн баштап түн кыскара баштайт. Ирандыктар бул күнү кыш мезгилин тосушуп, өзгөчө жөрөлгөлөрдү өткөрүп, алдыда кыш…
Прочитайте большеИран 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды
Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн бир тараптуу виза режимин жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 13-декабрда Маданий мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм министри Эззатулла Заргами өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттерге билдирди. Заргаминин айтымында, Туризм министрлиги сунуштаган 68 өлкөнүн тизмеси өкмөттө каралып, акырында 33 өлкө менен бир тараптуу визаны жокко чыгаруу макулдашылган. Эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат. Бирок…
Прочитайте большеМиңдеген тонна балыктардын өлүгү Японияда деңиз жээгине чыгып калды
Сардина жана скумбрия балыктарынын өлүгү Япониянын Хакодатэ жана Хоккайдо балыкчылар портунан анча алыс эмес аралыктагы деңизде калкыган бойдон жээкке сүрүлүп келе баштады. Өлкөнүн бийлиги балыктардын мындай массалык түрдө өлүмгө учурашынын себебин азырынча айтыша электигин Guardian басылмасы билдирди. Хакодатэ портунун тушундагы өлүү балыктардын өтө көптүгүнөн бир нече километрлик тилке пайда болгон. Хоккайдонун түштүгүндөгү Тынч окендын эжээги тарапта жайгашкан Накири шаарынын бийлиги шаардын эс алуучу жайына (пляж) 30дан 40 тоннага чейинки сардина балыгы сүрүлүп келгендигин билдирди. Накиринин…
Прочитайте больше