Энергетика министрлиги Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун быйыл июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында Түркмөнстандан жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга жетишилген. Анын негизинде 1-августтан тарта Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы берилип жатат. Быйыл апрелден сентябрга чейин Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши акыркы төрт жылдагыдан бир топ аз болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Суу…
Прочитайте большеКыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында ок атылганын билдирди. Расмий кабарга ылайык, 1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген. Чек ара боюнча Баткен жана Согд облустарынын өкүлдөрү телефондо жагдайды талкуулашты. Кыргыз тарап түнкү…
Прочитайте большеДепутаттардын маянасы азайып, кызматтык унаасы алынды
Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты – республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу. Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык оклады төмөндөтүлдү. Ошентип: – Жогорку Кеңештин…
Прочитайте большеСадыр Жапаров: «БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз»
Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптарга өзүнүн Facebook баракчасынан кайрылуу жасады. “Урматтуу шайлоого катышкан партиялардын жетекчилери. Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болду. БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү…
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-ноябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоолорду өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту. Мамлекет башчысы КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА, Түрк мамлекеттери уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, ошондой эле Өзбекстандын жана Грузиянын борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилерине парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгы үчүн чоң ыраазчылык билдирди. Ал шайлоолорго 700дөн ашуун эл аралык байкоочулар күбө болгонун белгиледи. Садыр Жапаров бул шайлоолор 2020-жылдын октябрында өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын…
Прочитайте больше“Омикрон” катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт
1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирүүдө адамдардан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Инфекциянын жаңы “Омикрон” штаммы катталган мамлекеттердин жарандары өлкөгө киргизилбейт. 29-ноябрдагы расмий маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги аталган штамм аныкталган өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салып, маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Чет элдиктер жана кыргызстандыктар эмделүү макамынан көзкарандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына ПЧР-тест тапшырууга тийиш. Мамлекеттик органдарга COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырмасы берилди. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги,…
Прочитайте большеБирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымдайт. 2 494 автоматтык эсептөөчү урналардан 2 261 АЭУдан маалымат алынды, бул 90,66%ды түзөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө келгендер: шайлоочулардын тизмесинде катталган 3 703 420 шайлоочудан 1 276 014 шайлоочу, бул шайлоочулардын жалпы санынын 34,46%ын түзөт. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан…
Прочитайте большеДүйнөдөгү эң чоң «Мрия» учагы Кыргызстанга учуп келди
Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган Ан-225 “Мрия” учагы 2021-жылы 28-ноябрда “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң аба кемесин дүйнөнүн бардык аэропорттору кабыл ала албайт. “Мрия” Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары учуп келген. Ан-225 “Мрия” – дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы…
Прочитайте большеТурсунбай Бакир уулу: «Биринчи кезекте биз бардыгыбыз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек»
КРнын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты жана акыркы шайлоого талапкер болгон Турсунбай Бакиров өзүнүн алдыдагы паландары жана дин менен саясаттын, билим берүүнүн ортосундагы мамилелер тууралуу суроолорубузга жооп берди. – Турсунбай ажы, бир канча жылдан соң жаңы дем менен кайра депутат болууга аттанып жатасыз, алдыга кандай максаттарды койдуңуз, бөлүшө кетсеңиз?– Ооба, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке аттандым, депутаттар тилекке каршы Жогорку Кеңештин кадыр-баркын буга чейин өтө төмөн түшүрүп коюшту. Ал эми парламент, Жогорку Кеңеш, бул үч бийликтин биринчи…
Прочитайте большеБир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды
КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди. Саат 22.00гө карата 2 494 автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) ичинен 2 261 АЭУдан маалыматтар алынды, бул 90,66%ды түзөт. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй болду: шайлоочулардын катталган тизмесиндеги 3 619 292 шайлоочунун 1 265 354 шайлоочусун түздү б.а. жалпы сандын 34,96%ын…
Прочитайте большеКыргызстанда парламенттик шайлоо башталды
Бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дө өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 282 талапкер ат салышууда. Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө,…
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добушберди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды. «Ар бириңиздердин добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат», — деп кайрылды резидент Садыр Жапаров өлкө жарандарына. Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54…
Прочитайте большеМамбетов: Таза, ачык шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлдү
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов № 5278 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал шаардыктарды шайлоо жараянына активдүү катышып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырды. «Бул ирет Кыргызстанда таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлгөн. Шаар мэриясы тарабынан парламенттик шайлоону өткөрүүгө бардык участкаларда шарттар түзүлгөн», — деди Мамбетов. Ош шаарындагы 78 шайлоо тилкесинде 154 миңдин тегерегинде шайлоочу катталган.
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаров: 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электроэнергиясы үчүн тарифтер 50 тыйынды түзөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук Кеңшинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу маселесин кароо учурунда өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электроэнергияга тарифти төмөндөтүү тапшырмасын берди. «1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров. Ошондой эле, Мамлекет башчысы тийиштүү министрликтерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы…
Прочитайте большеКыргызстанда шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алуу пландалган (фото, видео)
Өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча УКМК жана ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган. Бул боюнча УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (“Бийликти күч менен басып алууга даярдануу”) менен сотко…
Прочитайте больше