Кыргызстан Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алат

Энергетика министрлиги Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөнүн кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун быйыл июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында Түркмөнстандан жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга жетишилген. Анын негизинде 1-августтан тарта Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы берилип жатат.

Быйыл апрелден сентябрга чейин Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши акыркы төрт жылдагыдан бир топ аз болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Буга байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Кадамжайда электр энергиясын көп талап кылган жылыткычтарга мөөр басылган окуя катталды.

Жыл сайын Кыргызстанда дээрлик 15 миллиард кВт/с электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок керектөө көбөйүп бараткандыктан бул жетпейт.

Бийлик жана Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга чакырып, кышында өчүрүү болбой турганын билдирип келет.

Комментарий жиберүү