Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келет

Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келет

 Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу 23-ноябрда Ташкентте өткөн Өзбекстанга жаңы дайындалган чет элдик элчилерге ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин белгилүү болгонун өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди. «Биздин өлкөлөрдүн ортосунда ишенимге жана өз ара урматтоого негизделген конструктивдүү диалог түзүлдү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын 11-12-мартында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары биздин мамилелерибиздин тарыхында жаңы баракты ачты. Бүгүнкү күндө бир тууган элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен бардык кечиктирилгис маселелер…

Прочитайте больше

Сауд Аравиянын экинчи ири шаарын сел каптап, Меккеге барчу жолдор жабылды

Сауд Аравиянын экинчи ири шаарын сел каптап, Меккеге барчу жолдор жабылды

 Сауд Аравиянын экинчи чоң шаары Жидданы нөшөрлөп жааган жаандан улам сел каптады. Маалыматка караганда, шаардагы билим берүү мекемелери жана мусулмандардын ыйык шаары Меккеге баруучу жол  да жабылган. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон шаарды толугу менен үрөй учурарлык сел каптаганын көрүүгө болот. Суу агымы жолундагы нерселердин баарын бузуп, үйлөрдү каптап, машиналарды агызып кетүүдө. Туристтер шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып жатышат, бирок эл аралык аэропортто айрым каттамдар да токтотулган. Сауд Аравиянын Жарандык коргонуу кызматынын Мекке провинциясындагы өкүлү эки адамдын…

Прочитайте больше

Россиялыктардын 75%ы Путинге ишенет

Россиялыктардын 75%ы Путинге ишенет

 Россияда “Коомдук пикир” фондунун сурамжылоосу өлкө жарандарынын 75%ы өлкө президенти Владимир Путинге ишенишерин көрсөттү.Бул тууралуу РИА Новости жазды. Сурамжылоого катышкандарын 14%ы ишенбей турганын билдирсе, дагы 11%ы жооп берүүдө кыйналышкан. Ошондой эле, сурамжылоодо россиялыктардын 77%ы өлкө президенти өз кызматында жакшы иштеп жатат деп айтышса, 10%ы начар иштеп жатат деп эсептешерин билдиришкен. “Коомдук пикир” фондунун сурамжылоосу 18-20-ноябрда РФ 53 аймагындагы 104 калктуу конушта 18 жана андан жогорку жаштагы 1,5 миң респондент арасында жүргүзүлгөн.

Прочитайте больше

ЖККУ саммитинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжал талкууланды

ЖККУ саммитинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжал талкууланды

ЖККУ саммитинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжал талкууланды, абалды жөнгө салуу оңой эмес, бирок иштер иштер улантыла берет, деди Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Кечээ, 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген. Бул тууралуу ал ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынында сүйлөп жатып…

Прочитайте больше

Дональд Лунун Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон сапарында кандай маселелер каралды?

Дональд Лунун Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон сапарында кандай маселелер каралды?

 АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лунун Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон иш сапарында “Борбор Азия медиа программасы” деп аталган долбоорду кайра жандандырууну сунуштаганын белгилүү болду. Долбоордун демөөрчүсү USAID деген аббревиатура менен белгилүү болгон АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги экендигин Today.KZ басылмасы маалымдады. Бул абдан күчтүү “өкмөттүк эмес уюм”, америкалык “жумшак күчтүн” эң күчтүү куралдарынын бири. Ал 2014-жылы Борбор Азияда Internews Network программасын негиздеген. Уюмдун сайтында айтылгандай, программа «Борбор Азияда, тагыраак айтканда, Казакстанда тең салмактуу маалыматтык…

Прочитайте больше

Түркияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Түркияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

 Түркиянын батышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европанын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) маалымдады. Жер титирөө UTC убактысы боюнча 01.08де (Москва убактысы боюнча 04.08) катталган. Жер титирөөнүн очогу Дузже шаарынан 14 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Очок алты километр тереңдикте жаткан. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Дузже аймагындагы жер титирөөдөн 22 адам жаракат алганын, алардын биринин абалы оор экенин билдирди. Ал шаарга керектүү тез жардам бригадалары жөнөтүлгөнүн жана жаңы маалыматтар менен берилерин кошумчалады….

Прочитайте больше

Ош шаарындагы мечиттер

Ош шаарындагы мечиттер

 Кыргыз элинин тарыхый тагдырындагы эң бир урунуттуу учур — ислам динин кабыл алганы болгон. Ислам динин кабыл алынышы элдин маданиятынын, үрп-адатынын, салтынын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген. Кыргыздар ислам динин биринчи жолу Караханийлер кагандыгынын тушунда кабыл алган. Бул кагандык 10-кылымдын 2-жарымынан 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагын ээлеп турган. Кагандыктын негиздөөчүсү Сатук Буура хан Абд ал-Керим болгон. Ал 940-ж. Кыргыздарды ислам динине өткөргөн. 960-ж. ислам дини Караханийлердин расмий дини катары…

Прочитайте больше

Иерусалимде эки жардыруу болду. Жабыркагандар бар

Иерусалимде эки жардыруу болду. Жабыркагандар бар

Бүгүн, 23-ноябрда эртең менен Иерусалимде жарым сааттын ичинде эки жардыруу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Автобус аялдамаларында болгон жардыруудан бир адам каза болуп, 22 адам жаракат алган. Биринчи жардыруу эртең мененки саат жетилер чамасында Иерусалимдин кире бериш жеринде жайгашкан Гиват Шаул районундагы аялдамада болгон. Экинчиси жарым сааттан кийин Рамот районундагы аялдамалардын биринде болгон. Алды ала берилген маалыматтарга караганда, жардыруучу заттар баштыктарга салынып аялдамаларга коюлган. Жардыруу боюнча эч кандай топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек….

Прочитайте больше

«Эркиндик» үчүн «экижүздүү» күрөш: Ирандагы толкундоолордун себеби эмнеде?Эксперттин пикири

«Эркиндик» үчүн «экижүздүү» күрөш: Ирандагы толкундоолордун себеби эмнеде?Эксперттин пикири

 Сепаратист чет элдиктердин кийлигишүүсү менен болгон Ирандагы соңку башаламандыктар бул өлкөгө кысым жасоо үчүн шылтоо болуп, “өзөктүк келишимди” кайра жандантуу жана Ирандын бул позициядагы аракеттери жана укуктары сыяктуу маселелер четте калтырылды. Саясий маселелер боюнча эксперт Сергей Кожемякин Ирандагы соңку баш аламандыктар тууралуу “Правда” басылмасына пикирин билдирди. Өзөктүк келишимдин тегерегиндеги оюндар Заманбап дүйнө – ар түрдүү кызыкчылыктар чырмалышкан түрмөк жип сыяктуу. Кандайдыр бир кубулуштун маңызын түшүнүү үчүн бир жипти сууруп алуу жетишсиз. Ал үчүн ага ачык же кыйыр түрдө байланышкан…

Прочитайте больше

Ооганстанда кышында гуманитардык катастрофа болушу мүмкүн

Ооганстанда кышында гуманитардык катастрофа болушу мүмкүн

 Ооганстан келе жаткан кышта гуманитардык катастрофага кабылышы ыктымал. Мындай пикирин Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун операциялар боюнча директору Мартин Шупп The Washington Post гезитине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, оогандар күн санап жашоо үчүн жана үйлөрүн жылытууга жок дегенде отун сатып алуу үчүн болгон мүлкүн сатууга барган сайын аргасыз болушууда. Мындан тышкары, өлкөдө азык-түлүккө жана негизги керектелүүчү товарларга болгон баалар тынымсыз жогорулап жатат. Шупп Ооганстан Талибандын бийлиги астында экинчи кышты сырттан жардам албастан өткөргөнү жатканын жана өлкөдө…

Прочитайте больше

Түркиянын Каркамыш шаарына ракета атылып, 9 киши жабыркады

Түркиянын Каркамыш шаарына ракета атылып, 9 киши жабыркады

 Сириядагы Күртстан жумушчу партиясынын (ПКК) согушкерлери тарабынан Түркиянын Сирия менен чектешкен Каркамыш шаарына төрт ракета атылып, алардын бири мектепке тийди. Кээ бир снаряддар шаардын борборунда жарылган. Ракеталык чабуулдан үч адам каза таап, алты киши жаракат алганын Milliyet басылмасы жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазды. Каза болгондордун арасында бир бала бар экенин Түркиянын ички иштер министрлигинин башчысы билдирди. Газиантеп провинциясынын губернатору Давут Гюль жаракат алгандардын экөөсүнүн абалы оор деп бааланып жатканын айтты. “YPG/ПКК мүчөлөрү тарабынан атылган төрт ракета райондун…

Прочитайте больше

Эрдоган АКШны күрд согушкерлерин курал менен камсыздоодо деп айыптады

Эрдоган АКШны күрд согушкерлерин курал менен камсыздоодо деп айыптады

 Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарын акыркы жылдары Сириядагы күрд топторуна миңдеген жүк ташуучу унаалар менен ок-дарыларды жеткирген деп айыптады. Бул тууралуу Анадолу агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды. Эрдоган Түркиянын НАТОдогу өнөктөшү Сириядагы акыркы жылдары террорчулар баш калкалаган аймактарга ок-дары жана курал-жарак жеткирип келгенине нааразы экенин билдирип, Барак Обаманын убагынан бери уланып келе жаткан “салт” Дональд Трамптын, Жо Байдендин тушунда да өзгөрүүсүз келе жатканын сынга алды. Ошондой эле, ал Анкара Сирия маселеси боюнча тынчсызданып жатканын Вашингтонго кабарлаганын айтты….

Прочитайте больше

ЕБ Борбор Азия аркылуу Россияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрөт

ЕБ Борбор Азия аркылуу Россияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрөт

Европа Биримдиги (ЕБ) менен Борбор Азия өлкөлөрү Россияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү Евробиримдикти “эң ылайыктуу өнөктөш” деп эсептейт. Өз кезегинде ЕБ чөлкөмдөгү мамлекеттер менен мамилесин бекемдөөгө кызыкдар. Боррелль ЕБ менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелер чың эмес экенин белгиледи. “Борбор Азия өлкөлөрү Европанын жана дүйнөнүн базарларына Россиянын аймагы аркылуу гана чыгуу мүмкүнчүлүгүнө…

Прочитайте больше

Түндүк Корея АКШнын аймагына чейин жете ала турган ракетасын сынады

Түндүк Корея АКШнын аймагына чейин жете ала турган ракетасын сынады

Түндүк Корея 18-ноябрда континенттер аралык деп болжолдонуп жаткан баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү. Ал болжол менен Япония аймагынан 200 чакырым алыстыкка түштү. Япониянын расмий адамдары сыноодон өткөрүлгөн ракета АКШнын материктик бөлүгүнө чейин жете ала тургандай учуу узактыгына ээ экенин билдиришти. Түндүк Кореянын жаңы ракеталык сыноосу тууралуу Түштүк Кореянын бийлиги да билдирген. Күн мурун Пхеньян кыска аралыкка уча турган баллистикалык ракетасын сынап, АКШнын аймактагы өнөктөштөрү менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү аракетине “мындан да катаал жооп болорун” эскерткени…

Прочитайте больше

БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт

БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуу үчүн 105 млн. доллар берет. Анын ичинен 90 млн. доллары жакырчылыктан чыгуу жана өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун колдоо максатында бөлүнсө, 15 млн. доллар жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого берилет. Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экинчи сессиясында жакырчылыктан чыгуу чаралары тууралуу баяндама жасады. Иш-чара алкагында министр БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы Германиянын, Кытайдын, Орусиянын жана Жапониянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу…

Прочитайте больше
1 59 60 61 62 63 186