Иранда базарда болгон террордук чабуулда 7 киши каза болду

Иранда базарда болгон террордук чабуулда 7 киши каза болду

  16-ноябрь күнү кечинде Ирандын Хузестан провинциясынын Изе шаарындагы борбордук базарда белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, кеминде жети киши набыт болуп, 20га жакын адам жаракат алды. Бул туураруу иран ЖМКлары жазды. Маалыматта каза болгондордун арасында полиция кызматкерлери да бар экени жана жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экени айтылат. Билдирүүгө караганда, эки мотоцикл минген белгисиз адамдар чогулган элге жана полиция кызматкерлерине автомат менен ок чыгарышып, дароо окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.  Иран бийлиги бул окуяны террордук акт деп…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров депутаттарды мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселеде жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Садыр Жапаров депутаттарды мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселеде жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесине чекит коюу керек болгон тарыхый күн экенин белгиледи. Буга байланыштуу Садыр Жапаров жалпы өлкө үчүн тарыхый жана жооптуу учурда өз пикирин билдирүү үчүн бүгүнкү маселени талкуулоого өзүнүн катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өз баяндамасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзбек тарап менен бул маселе кандай чечилип жатканын кеңири айтып берди. Мамлекет башчы Кемпир-Абаддын астындагы…

Прочитайте больше

АКШ Конгрессмендеринин баары эле Украинага аскердик жардам берүүгө макул эмес

АКШ Конгрессмендеринин баары эле Украинага аскердик жардам берүүгө макул эмес

Жо Байден Конгресстен Украина үчүн 37,7 млрд. доллар сурады. АКШнын президенти Жо Байден шейшембиде Конгресске Украинага жардам үчүн 37 млрд. 700 млн. доллар сураган кат жиберди. Бул каражаттын 21 млрд. доллары украин аскерлерине курал сатып алууга жумшалат. Бул маселе Конгресстин азыркы – эки палатада тең демократтар басымдуулук кылган курамында каралат. 2023-жылдын 3-январынан тартып жаңы чакырылыштагы Конгресс ишке кирет. Алдын ала маалыматтарга ылайык, көпчүлүктү республикачылар алат. Алардын айрымдары Киевге масштабдуу жардам берүүгө макул эместер. Президенттик администрациянын…

Прочитайте больше

Байден менен Си Украинада өзөктүк курал колдонууга каршы

Байден менен Си Украинада өзөктүк курал колдонууга каршы

 АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Индонезиянын Бали аралындагы жолугушууда бир нече маселени, анын ичинде Россиянын Украинадагы согушун талкуулап, жаңжалда өзөктүк куралды колдонууга каршы экенин айтышты. Бул тууралуу маалыматты Ак үй таратты. Ага ылайык, Россиянын кол салуусуна тиешелүү теманы Байден козгоду. “Президент Байден менен төрага Си өзөктүк согуш тутанбашы керектигин, Украинада андай куралды колдонууга же пайдаланылат деген коркутууларга каршы экенин белгилешти”, – деп айтылат билдирүүдө. Байкоочулар Киевдин атомдук куралы жок болгондуктан, лидерлер…

Прочитайте больше

ЖМК: Стамбулдагы терактка шектелген аялды америкалык аскерлер окуткан

ЖМК: Стамбулдагы терактка шектелген аялды америкалык аскерлер окуткан

Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Альбашир сурак учурунда ПККнын Сириядагы бөлүмү менен байланышы бар экенин мойнуна алды. Террорчу Айн аль-Араб (Кобани) шаарында Сириядагы америкалык аскерлер да сабак берген ПККнын чалгын мектебинде окуганын, ал атайын чалгынчы катары даярдалганын айтты”, – деп жазат басылма. Мындан тышкары, шектүү ага көрсөтмө берген PKK/YPG/SDG уюмунун Айн-эл-Арабдагы лидеринин ишенимдүү адамы менен байланыштары тууралуу айткан. Бул көрсөтмөлөр менен аял төрт ай мурун Түркияга Африн-Адлиб аркылуу мыйзамсыз кирген. Полиция аныктагандай, ал Стамбулда шек жаратпоо…

Прочитайте больше

Түркия Стамбулдагы жардырууну уюштургандарга «катаал жооп» берет

Түркия Стамбулдагы жардырууну уюштургандарга «катаал жооп» берет

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууну уюштургандар катаал жооп аларын билдирди. Кечээ, 13-ноябрда Стамбулдун эл көп жүргөн Истиклал көчөсүндө жарылуу болуп, 6 киши каза таап, кеминде 53 киши жаракат алган.  Кийинчерээк Түркиянын вице-президенти Фуат Октай окуядан 81 адам жабыркаганын айтып, өлкө бийлиги жардырууну теракт катары баалап, аны аял жасаганын белгиледи. “Бизде из бар. Буйрук Кобаниден (Сириядагы шаар) түшкөн деген шек бар, кылмышкер Африн аркылуу өткөн. Учурда мунун баары такталууда”, — деди Сойлу журналисттерге….

Прочитайте больше

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна толук кандуу мүчө боло алган жок

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна  толук кандуу мүчө боло алган жок

 Өзбекстандын Самарканд шаарында 11-ноябрда өткөн Түрк мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын кеңешинин саммитинин жыйынтыгында Түркмөнстандын уюмга толук кандуу мүчөлүгү жарыяланган жок. Буга чейин, 29-сентябрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Самаркандда өтө турган саммитте Түркмөнстан уюмга толук кандуу мүчө болору күтүлүп жатканын билдирген эле. “Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. Буга чейин байкоочу болгон Түркмөнстан Түрк мамлекеттери уюмунун толук кандуу мүчөсү болот.  Муну менен түрк тилдүү үй-бүлөбүздү толуктайбыз”, – деп айткан ал. Бирок бул жолку жыйында Түркмөнстандын мүчөлүгү жөнүндө…

Прочитайте больше

ТМУнун саммитинде 8 документке кол коюлду

ТМУнун саммитинде 8 документке кол коюлду

  Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы маалымдады. Уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: — Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы; — «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол; — «Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси» жөнүндө чечим; — «Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы» жөнүндө чечим; — «Түрк мамлекеттер…

Прочитайте больше

Талибан аялдарга парктарга жана жарманкелерге кирүүгө тыюу салды

Талибан аялдарга парктарга жана жарманкелерге кирүүгө тыюу салды

Талибан кыймылы ооган аялдарына Кабулдагы коомдук парктарга жана жарманкелерге кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Барган сайын коомдук мейкиндикте аялдардын орду тарып бараткан ооган аялдары ушул аптада киргизилген жаңы эрежеден абдан нааразы экенин билдиришти. Буга чейин, өлкөдө аялдардын эркектердин коштоосусуз саякатка чыгуусуна тыюу салынган жана үйдөн сыртка чыкканда хижаб же паранжа кийүү буйрук кылынган. Ошондой эле, Ооганстандын көпчүлүк аймактарында кыздардын орто мектептери бир жылдан ашык убакытка жабылган. Талибандын өкүлдөрү эс алуу парктарында…

Прочитайте больше

Сауд Аравияда массалык нааразылык акциялары башталды. Видео

Сауд Аравияда массалык нааразылык акциялары башталды. Видео

Сауд Аравияда массалык нааразылык акциялары өтүп жатат. Эл Саудиттерден бийликтен баш тартууну талап кылууда, деп билдирди Tsargrad.tv булагы. Маалыматка караганда, элдик толкундоолор өлкөнүн чыгыш провинциясында, 118 миңдей калкы бар Эль-Катиф шаарында башталган. Маалыматка караганда, элдик толкундоолор өлкөнүн чыгыш провинциясында, 118 миңдей калкы бар Эль-Катиф шаарында башталган. Демонстранттар азыркы падышалык бийликтин өкүлдөрү — Аль-Сауддун өлкөнү башкаруудан баш тартуусун талап кылууда. Массалык нааразычылыктардын башталышына ондогон соттолгондордун массалык түрдө өлүм жазасына тартылышы себеп болгон. Миңдеген демонстранттар көчөгө бийликтин аракеттерине жана…

Прочитайте больше

Манилов: Тажикстан менен Ооганстандын чекарасында кырдаал татаал

Манилов: Тажикстан менен Ооганстандын чекарасында кырдаал татаал

“Кырдаал татаал, чыңалган, бирок көзөмөл астында”, – деди ал. Манилов Ооганстандын чек ара аймактарында согушкерлердин топтолушу тууралуу айтып жатып, алардын айрымдары Жакынкы Чыгыштагы согуштук зонадан алынып келингенин белгиледи. “Бул өзгөчө тынчсызданууну жаратат, анткени булар башка тарапта турган жөн адамдар эмес, алар курал колдонууну, диверсияларды, теракт жасаганды билген машыккан адамдар”, – деди Манилов. Буга чейин октябрь айында Астанада өткөн Россия-Борбор Азия саммитинде тажик президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасындагы абал начарлап, ал жерге согушкерлер топтолуп жатканын…

Прочитайте больше

АКШ Тажикстандын Улуттук гвардиясына 10 аскердик жол тандабас берди

АКШ Тажикстандын Улуттук гвардиясына 10 аскердик жол тандабас берди

Тажикстандын Улуттук гвардиясынын автопаркы жаңы жол тандабас унаалар менен толукталды. АКШнын Душанбедеги элчилиги Тажикстандын Улуттук гвардиясына дээрлик 860 миң долларлык 10 даана “Джип” унаасын белекке берди. Бул тууралуу маалымат АКШнын Тажикстандагы элчилигинин расмий сайтында жарыяланды. Унааларды тапшыруу аземине АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм жана Улуттук гвардиянын командачысы Бобожон Жамолзода катышты. АКШ элчисинин айтымында, бул кайрымдуулук Тажикстандын чек арасынын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Ошондой эле унаалар Улуттук гвардияга чек ара тилкелериндеги катаал рельефте операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берери айтылат. “1992-жылдан бери…

Прочитайте больше

Азербайжан менен Армениянын чекарасы. Эки өлкө бири-бирин ок атууга айыптады

Азербайжан менен Армениянын чекарасы. Эки өлкө бири-бирин ок атууга айыптады

  7-ноябрга караган түнү Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атылып, эки өлкө ага бири-бирин айыптап чыкты. Армениянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрү чек арадагы армян позициясын аткылады деп айыптаса, Баку дагы каршы тарап чек арада аткыч куралдарды колдонгонун билдирди. “6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү армян-азербайжан чек арасынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан армяндардын позицияларына түрдүү калибрдеги аткычтардан ок атышты”, — деп айтылат Армениянын Коргоо министрлигинин сайтында.Маалыматта армян тараптан жоготуулар жок экени…

Прочитайте больше

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Өзбекстанга жана Казакстанга барат

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Өзбекстанга жана Казакстанга барат

 АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу 6-11-ноябрь күндөрү Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда болот. Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Дональд Лу АКШ аймактагы өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ырастап, Вашингтондун максаты Борбор Азияны өнүккөн, коопсуз жана демократиялык аймак кылуу экенин белгилейт. Лу Өзбекстанга жасай турган сапарынын алкагында мамлекеттик аткаминерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле дин жана ишеним эркиндигине байланышкан…

Прочитайте больше

Түркиянын ички иштер министри Кыргызстанга келди

Түркиянын ички иштер министри Кыргызстанга келди

 Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аларды “Манас” аэропортунда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков тосуп алышты. Алдыда эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн бир катар жолугушуулары белгиленген. Түркиядан келген делегация менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуулары өтөт. Буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында, ӨКМдин адистерин тоодо…

Прочитайте больше
1 60 61 62 63 64 186