Блокадада калган Газанын элине гумжардамдын үчүнчү партиясы жеткирилди

Блокадада калган Газанын элине гумжардамдын үчүнчү партиясы жеткирилди

Египеттин аймагы аркылуу Газа тилкесине гуманитардык жардамдын үчүнчү партиясы жеткирилди. Гуманитардык жардам кербени Рафах өткөрүү пункту аркылуу өткөнүн Sada el-Balad  телеканалы маалымдады. «Жардамдын жаңы партиясы Рафах чек ара бекети аркылуу Газага келди», — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө. БУУ гуманитардык жардамды уюмдун өзү жана Египеттин Кызыл Жарым Ай коому көрсөткөнүн буга чейин билдирген. Израилдин армиясы суу, дары-дармек жана азык-түлүк жүктөгөн 14 жүк ташуучу унаага Газа тилкесинин түштүгүнө өтүүгө уруксат бергенин ЦАХАЛдын басма сөз катчысы бригадалык генерал…

Прочитайте больше

“Жүрөгүмдөсүң Палестина”. Кыргызстандыктардын Палестина элине билдирген тилектештиги

“Жүрөгүмдөсүң Палестина”. Кыргызстандыктардын Палестина элине билдирген тилектештиги

Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери Газа тилкесиндеги кыргынды токтотууну талап кылган акциялар дүйнөнүн булуң-бурчунда өтүп жатат. Палестинаны колдогон, Израилди айыптаган акциялар бир гана мусулман дүйнөсүндө эле эмес Европа өлкөлөрүндө, АКШда дагы өтүп жатат. Бул жерде кыргызстандыктар да четте калган жок: Палестина элин колдоо акциясын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын которуп, муфтий баштаган дин аалымдары оор сыноого кабылган палестиндиктер үчүн дуба кылышты. «Эркин Палестина». Палестиндерди колдоо акциясы Газа тилекесинде болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган бир…

Прочитайте больше

Палестина-Израиль жаңжалы: 22 журналист каза болду

Палестина-Израиль жаңжалы: 22 журналист каза болду

Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери кеминде 22 ЖМК кызматкери каза болгонун Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists,CPJ) маалымдады. Буга чейин 17 журналист набыт болгону кабарланган. Аталган комитеттин сайтындагы билдирүүдө 22 журналисттин өлүмү тастыкталганы, алардын 18и палестиналык, үчөө израилдик жана бирөө ливандык экени айтылат. Ошондой эле дагы сегиз журналисттин жаракат алганы, үчөө кармалган же дайынсыз жоголгону белгиленген. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин кескин курчуду. ХАМАС бул…

Прочитайте больше

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында белгилүү болду. Буг чейин депутат Жалолидин Нурбаев Палестинага материалдык колдоо көрсөтүү максатында Тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну сунуштаган. Ал эми эли өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештерине бир күндүк маянасын Палестинадагы жабырлануучуларга бөлүп берүүнү сунуштаган. Жогорку Кеңештин депутаттары бул демилге колдоого алышты. Палестина-Израиль жаңжалынын курчушунан улам Газада 3500дөн ашуун палестиналык набыт болуп, жарадар болгондор 10 миңден ашты. Израилде 1300дөй киши каза тапты. 17-октябрь…

Прочитайте больше

АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерге нааразычылык билдирип көчөгө чыккан демонстранттар АКШ Конгрессинин имаратына кирип барышты. Капитолий полициясы аларды имараттан сүрүп чыгарып, бир нечесин кармаганын Капитолий полициясы X соцтармагынан билдирди. https://youtube.com/watch?v=yQXP5zzYF1M%3Fstart%3D289%26feature%3Doembed «Кармалгандардын арасында үч киши камакка алуу учурунда полиция кызматкерлерине кол салган деп айыпталууда», — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Капитолийдин алдына палестиналыктарды колдоо митингине жүздөй адам чогулганы  кабарланган. Окуяга чейин Конгрессмен Марджори Тейлор Грин полиция күтүлүп жаткан нааразылык акциясынын алдында тосмолорду орнотконун маалымдап, Конгресстин мүчөлөрү анын…

Прочитайте больше

Газада ооруканага сокку урулду. Тараптар бири-бирин айыптоодо

Газада ооруканага сокку урулду. Тараптар бири-бирин айыптоодо

17-октябрь кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына сокку урулуп, 500дөй адам каза болду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун көбү аялдар жана балдар. Палестинанын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады. Палестина менен Израиль чабуулга бири-бирин айыптап жатат. Адамзатка каршы жасалган кылмыш Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Газа тилкесиндеги ооруканага кол салуу Израиль тарабынан жасалганын билдирген. Палестинанын президенти Махмуд Аббас ооруканага кол салууну Израилдин “аскердик кыргыны” деп атап, БУУнун Коопсуздук Кеңешин аны айыптоого…

Прочитайте больше

Кадыр Маликов Израилдин Газадагы ооруканага чабуулун “варвардык” деп атады

Кадыр Маликов Израилдин Газадагы ооруканага чабуулун “варвардык” деп атады

«Израилдин Газадагы ооруканага жасаган варвардык чабуулу — адамзатка каршы жасалган болуп көрбөгөндөй  оор кылмыш!». Бул тууралуу кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды. 17-октябрь кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына сокку урулуп, 500дөй адам каза болду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун көбү аялдар жана балдар. Палестинанын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү ооруканага кол салуу Израиль тарабынан жасалганын билдирген. Маликов Израиль бардык кызыл сызыктардан өткөнүн белгиледи. «Учурда…

Прочитайте больше

Кыргызстан Газадагы ооруканага жасалган чабуулду айыптайт

Кыргызстан Газадагы ооруканага жасалган чабуулду айыптайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Газа секторундагы палестиналык жай тургундардын арасында көптөгөн курмандыктарга алып келген «Аль-Ахли» ооруканасына жасалган аскердик соккунун кескин айыптайт. Бул туурасында ТИМдин расмий сайтында айтылат. Ведомство эл аралык гуманитардык укуктун бузулушун ар тараптуу иликтөөгө чакырды. «Жарандык калк менен жарандык инфраструктураны коргоо каралган эл аралык гуманитардык укуктун принциптери менен нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгилейбиз. Буга байланыштуу жай тургундар арасында курмандыктарга жана зордук-зомбулукка жол бербөө максатында тараптарды чара көрүүгө жана согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, тынчтыкка…

Прочитайте больше

NYT: Израил АКШдан $10 млрд жардам сурады

NYT: Израил АКШдан $10 млрд жардам сурады

Израил АКШдан 10 миллиард долларлык чукул жардам көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу New York Times гезити үч аткаминерге шилтеме кылып жазды. Мурдараак Ак үй Конгрессте Израил менен Украинага эки миллиард долларлык жардам бөлүү боюнча мыйзам долбоорун макулдашууну пландап жатканы кабарланган. АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен Израил менен  ХАМАС тобунун ортосундагы жаңжал Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка коркунуч келтиргендиктен, Американын экономикасы эки мамлекетке бир учурда колдоо көрсөтүүгө туруштук бере аларын билдирген. The New York Times гезитинин жазганына караганда, конгрессмендер…

Прочитайте больше

Муфтий баштаган аалымдар Палестинада курман болгондорго дуба кылды

Муфтий баштаган аалымдар Палестинада курман болгондорго дуба кылды

Бүгүн, 18-октябрь күнү «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев жетектеген муфтият жамааты, Абдиманап кары Масалиев баштаган Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турган дин аалымдары Палестинада курман болгон мусулмандардын рухуна багыштап көптөгөн Куран хатмдарын түшүрүп, оор сыноого кабылган палестиндиктер үчүн дуба кылышты. Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ошону менен бирге аалымдар дүйнөнүн ар тарабында сел, жер титирөө сыяктуу табият кырсыктарынан жабыркаган мусулмандарга да Алла Тааладан жардам сурады. Муфтий ушундай кезеңде Аллага жалбарып зикир кылуу керектигин, момун-мусулмандардын…

Прочитайте больше

Президенттин  тапшырмасы менен Оогандык кыргыздарга жардам көрсөтүлдү

Президенттин  тапшырмасы менен Оогандык кыргыздарга жардам көрсөтүлдү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган гуманитардык экспедиция Бадахшан провинциясына, ошондой эле Ооганстандын Кичи жана Улуу Памирине 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясын жеткирди. Педиатр, терапевт, стоматолог, гинекологдор бийик тоолуу шартта, 4200 метр бийиктикте жашаган боордошторду медициналык тешерүүдөн өткөрүп, үч күндүн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургунду дарылашты. Ошондой эле ветеринарлар эпизоотиялык…

Прочитайте больше

Малайзия Палестинага бейпил күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүн

Малайзия Палестинага бейпил күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүн

Малайзия Израил менен болгон жаңжалда Палестинаны колдоо үчүн бул өлкөгө куралдуу күчтөрүн жөнөтүүгө даяр, бирок ал үчүн бул чечимди жаңжал чөлкөмүндөгү өлкөлөр колдошу керек. Бул тууралуу Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим билдиргенин малайзиялык Bernama агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды. Премьер-министр дүйшөмбү күнү «Малайзиянын куралдуу күчтөрүн Палестинага жайгаштыруу (тынчтык орнотуу же гуманитардык миссиялар үчүн) коңшу мамлекеттер орток консенсуска жеткенден кийин гана ишке ашырылышы мүмкүн» экенин баса белгиледи. Анын айтымында, бул консенсус болбосо, малайзиялык бейпилдик күчтөрүнүн…

Прочитайте больше

Иран Израилдин Газадагы кургактагы операциясын «кызыл сызык» деп атады

Иран Израилдин Газадагы кургактагы операциясын «кызыл сызык» деп атады

Израилдин Газа тилкесинде кургактагы операциясын башташы Иран үчүн “кызыл сызык” болот, бул “жаңы фронттордун ачылышына” алып келет. Бул тууралуу Ирандын улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча парламенттик комиссиясынын биринчи орун басары Эбрахим Азизи билдиргенин ISNA агенттиги жазды. Израиль учурда Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүүдө. «Израиль Газага басып кирүү кызыл сызык экенин түшүнүшү керек», — деди Азизи. Анын айтымында, эгер Израиль кургактан операция жүргүзүүнү чечсе жана Газага ракеталык чабуулдарды токтотпосо, анда ал…

Прочитайте больше

ХАМАСтын чабуулу Израилдин 75 жылдык кылмыштарына жооп болду

ХАМАСтын чабуулу Израилдин 75 жылдык кылмыштарына жооп болду

Израиль режиминин Ливан, Сирия, Египет жана Иордания элдерине каршы түрдүү согуштары, коңшулаш жерлердин бир бөлүгүн басып алуусу, Газадагы Палестина элинин курчоосу, Иордан дарыясынын батыш жээгине мыйзамсыз конуштарды курушу, Аль-Акса мечитин жана христиандардын ыйык жерлерин кордоосу, расалык басмырлоо саясаты жана журналисттерди өлтүрүүсү бул сионисттик режимдин кылмыштарынын бир бөлүгү гана. Бул тууралуу Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф 16-октябрь күнү онлайн режиминде өткөн 14 ислам өлкөсүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезексиз жыйынында билдирди. Ал Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (ХАМАСтын — ред.)…

Прочитайте больше

Кыргызстан Индия жана Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Шарты

Кыргызстан Индия жана Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Шарты

Кыргызстанга кирүүнүн айрым шарттары сакталган учурда Индия жана Кытай жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Тышкы саясий ведомствонун маалыматына ылайык, мындай чечим министрлер кабинети тарабынан виза режимин мындан ары либералдаштыруу максатында кабыл алынды. Атап айтканда, АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү көп жолку визаларынын ээлери болгон Индия жана Кытай жарандары, өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин кайра кирүү…

Прочитайте больше
1 22 23 24 25 26 89