Кыргызстан менен Тажикстандын дагы 43,32 чакырым чек арасы такталды

Кыргызстан менен Тажикстандын дагы 43,32 чакырым чек арасы такталды

Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты. Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты.  …

Прочитайте больше

Кадыр Маликов: Палестинада болуп жаткан окуялар бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ

Кадыр Маликов: Палестинада болуп жаткан окуялар бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ

Биз бүткүл дүйнөлүк саясий системага таасир эте турган эң маанилүү тарыхый процесске күбө болдук. Бүгүнкү күндө Палестинада болуп жаткан окуялардын бүткүл эл аралык мамилелер системасы жана биринчи кезекте бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн чоң мааниси бар. Палестиналыктардын коргонуу жана адилеттик үчүн укугу бар. Бул тууралуу кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мусулмандар бул окуялардын маанисин түшүнүшү керек. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө Палестина үчүн, анын тургундары үчүн жана адилеттикти калыбына келтирүүгө дуба кылуу…

Прочитайте больше

600 сионист өлтүрүлгөн

600 сионист өлтүрүлгөн

Сионисттик маалымат каражаттары каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн операцияларында кеминде 600 сионист каза болгонун жана жарадарлардын саны 2048ге жеткенин кабарлады. Fars эл аралык кабар агенттигинин кабарына ылайык, сионисттик медиа бүгүн түштөн кийин (жекшемби) Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн операцияларында каза болгон сионисттердин санынын көбөйгөнүн жарыялады. Сионисттик Армиянын радиосу бул режимдин расмий өкүлүнө таянуу менен алгач каза болгондордун саны 400гө жеткенин кабарлады.  Бул кабардан бир нече мүнөттөн кийин сионисттик “Yediot Aharonot” гезити каза болгондордун саны кеминде 500 кишиге жеткенин…

Прочитайте больше

Орусия октябрда Казакстан менен Өзбекстанга газ жеткире баштайт

Орусия октябрда Казакстан менен Өзбекстанга газ жеткире баштайт

Орусия Казакстан менен Өзбекстанга газды ушул айдан тарта жеткире баштайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин «Валдай» дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди. 4-октябрда Казакстандын энергетика министри Алмасадам Сатгалиев өлкө октябрь айынын аягына чейин Орусиядан Өзбекстанга газ жеткирүүнү баштоого ниеттенип жатканын кабарлаган. Ал бул жараян оңдоо иштери аяктагандан кийин башталарын белгилеген. 2022-жылы ноябрда Орусия Казакстан жана Өзбекстан менен «газ үчилтигин» түзүү планын жарыялаган. 2023-жылдын май айында казак өкмөтү Орусиядан Өзбекстанга газ транзити боюнча сүйлөшүүлөр башталганын ачыктаган. Быйыл…

Прочитайте больше

Ашхабадда VPN орноткон жарандар кармалууда

Ашхабадда VPN орноткон жарандар кармалууда

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында кайрадан VPN орноткон жарандар кармалып, айрымдары 15 суткага камакка алынууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлады. Маалыматка караганда, өлкөдө бөгөттөлгөн сайттарга кирүүгө мүмкүндүк берген программаларды орнотуу кызматын көрсөткөндөр аз жана алар көмүскө иштешет. «Алар канчалык сактанбасын, укук коргоо кызматкерлери айрымдарын таап алууда. 3-октябрда мындай кызмат көрсөткөндөрдүн бири кармалып, 15 суткага камалды. Мындан тышкары ага 15 миң манат өлчөмүндө айып пул да салынды», – деди редакциянын булагы….

Прочитайте больше

Беларустун аскерлери ЖККУ машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Беларустун аскерлери ЖККУ машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Беларустун аскердик контингентин салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна Беларустун Жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингентинин келиши менен биргелешкен машыгуу өтө турган жерге аскерлерди жайгаштыруу аяктады. Беларустун аскердик контингенти Баранович шаарынан «Кант» аскердик авиабазасынын аэродромуна учуп келип, андан соң кыргыз тараптын аскердик техникалары менен машыгуу өтүүчү жерге марш жасады. КР Коргоо министрлигинин 20636…

Прочитайте больше

Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулунан 232 киши мерт болду

Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулунан 232 киши мерт болду

Израилдин Газа тилкесине жасаган  соккусунан каза болгондордун саны 232ге жетип, 1700гө жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин 198 адам каза болгондугу кабарланган. «Азыркы тапта Израилдин агрессиясынын натыйжасында Газа тилкесиндеги ооруканаларга 232 адамдын сөөгү жеткирилди», — деп айтылат Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө. Ошондой эле 1697 адам ооруканага жаткырылганы кабарланды. 7-октябрь эртең менен палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы операция баштап, Газа тилкесинен Израилди көздөй жүздөгөн ракеталарды…

Прочитайте больше

Ооганстанда жер титирөөдөн мерт болгондор миңге чукулдады

Ооганстанда жер титирөөдөн мерт болгондор миңге чукулдады

Ооганстандын батышында катары менен кеминде үч жолу болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 8-октябрга карата такталган маалымат боюнча миңге чукулдаганы кабарланууда. 7-октябрда түшкө маал Герат шаарынан 40 чакырым аралыктагы аймакта магнитудасы Рихтер шкаласы менен 6,3кө жеткен жер титирөөдөн каза болгондор баштапкы маалымат боюнча үч жүздүн тегерегинде экени, жүздөгөн адам урандылар астында калганы айтылып жаткан. Ооганстандын борбору Кабулдан 850 чакырым аралыкта жайгашкан Герат өлкөнүн үчүнчү ири шаары, ал маданий борборлордун бири деп эсептелет. Жалпысынан 12 шаар-кыштак…

Прочитайте больше

Азия оюндары: Ж. Шаршенбеков тажикстандык атаандашын жеңди

Азия оюндары: Ж. Шаршенбеков тажикстандык атаандашын жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты. Күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, Шаршенбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү.Анын алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө тажикстандык балбан 5 упай алып, алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеов жалпы 8 упай алууга жетишип, жеңишти сууруп кетти. Эми ал чейрек финалда түштүк кореялык Ханжаэ Чун менен күч сынашат. https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2F100006729180727%2Fvideos%2F652447006867484%2F&show_text=true&width=476&t=

Прочитайте больше

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы алтын үчүн беттеште казакстандык балбан Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде жеңип алды. Айпери Медет кызы 76 кг салмак даражасында беттешип, 2 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда тайбейлик атаандашын 8:0 эсебинде жеңген. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Нурзат Нуртаева күмүш медаль, Айсулуу Тыныбекова…

Прочитайте больше

Жалкоолордун таймашы. Черногорияда эң жалкоо киши аныкталды

Жалкоолордун таймашы. Черногорияда эң жалкоо киши аныкталды

Черногорияда эң жалкоо адамды аныктаган мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды. Катышуучулар дээрлик 50 күн бою эч нерсе кылбай, бир орунда жатышты, деп жазат сербиялык Telegraf басылмасы. Ага Черногория, Россия, Сербия жана Украинадан 21 адам катышты. Акыркы күндөрү таймаштын финалына эки гана талапкерлер: черногориялык 23 жаштагы Лидия Маркович аттуу жаш кыз менен Филипп Кнежевич аттуу жаш жигит калган. Алар достук жеңгенин көрсөткүлөрү келген, бирок Филип кийинчерээк жеңишти атаандашына берген. Лидиянын айтымында, ал…

Прочитайте больше

Сирияда аскердик колледжге дрондон чабуул жасалып, 80 киши мерт болду

Сирияда аскердик колледжге дрондон чабуул жасалып, 80 киши мерт болду

Сириянын батышындагы Хомс шаарында аскердик колледжге учкучсуз учуучу аппараттын жардамы менен жасалган чабуулдан кеминде 80 киши каза болуп, 240 адам жаракат алды. Бул тууралуу араб республикачынын Саламаттыкты сактоо министри Хасан ал-Габбаш билдирди. «Хомс шаарындагы аскердик колледжге жасалган террордук чабуулда алдын ала маалыматтар боюнча, 80 киши каза болуп, 240 адам жараат алды, алардын арасында аялдар жана балдар бар», — деген министрдин сөзүн Саламаттыкты сактоо министрлиги келтирди. Сириянын Коргоо министрлиги мина коюлган учкучсуз аппараттар аскердик колледжге курсанттардын…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Иран айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда айыл чарба тармагынын аспектери, анын ичинде айыл чарба өндүрүшү, айыл чарба товарларын экспортто жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы техникалык кызматташтык талкууланды. Эки тарап бул жаатта кызматташууну бекемдөөгө жана айыл чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти. Министр Жаныбеков өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы катары айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Иран менен кызматташуу Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын…

Прочитайте больше

Бийлик криминалды жеңди

Бийлик криминалды жеңди

4-октябрда Бишкектин чок ортосунда, чак түштө “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында жок кылынышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду. Себеби коомчулук, карапайым эл, өзгөчө бизнесмендер менен ишкерлер кылмыш дүйнөсүнүн зомбулугунан тажап, жарыла турган абалга келип калган болчу. Ал эми эки жыл мурда келген жаңы бийлик коррупция жана кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган. Бул багытта көп иштерди жасап жаткан УКМК тарабынан күн сайын мамлекеттин байлыгын уурдап-тоногон коррупционерлер менен кызмат абалын кыянаттык түрдө пайдаланып пара…

Прочитайте больше

Путин Канттагы авиабазага барат

Путин Канттагы авиабазага барат

Келерки жумада Кыргызстанга Россиянын Президенти Владимир Путин расмий сапар менен келери күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы сапардын алкагында Мамлекет башчысы менен Президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн…

Прочитайте больше
1 25 26 27 28 29 89