«Азаттык» иши. Кыргыз бийлиги АКШны ички иштерге кийлигишпөөгө чакырды

 Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана бул өлкөнүн Мамлекеттик департаментинин “Азаттык” боюнча кайрылуусуна жообун жарыялады.

Ал билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.”Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык” чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ.Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл.Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз”, – деп жазды Султанбаев.Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти кыргыз бийлигине кайрылып, “Азаттык” радиосунун ишин токтотуу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдирген. Ведомство “Азаттыктын” сот чечимине каршы бере турган арызын кылдат жана калыс кароого чакырган.Ал эми АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол кыргыз бийлигинин “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин айыптап, кыргыз бийлигин радиону жабуу чечимин тезинен жокко чыгарып, “Азаттыктын” ишмердигине коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууга чакырган. Эске салсак, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган.2022-жылдын октябрь айынын аягында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген жалган материалдарга байланыштуу “Азаттык Медиа” сайтынын иши эки айга токтоткон.Министрлик белгилегендей, 2022-жылдын 16-сентябрында “Настоящее время” ресурсунда (“Азаттык Медиасынын” ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш | ASIA” аттуу видеоматериалы жана эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган.

Комментарий жиберүү