АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх билдирди.

«Бүгүн Коргоо министрлиги Украинанын согуш талаасындагы муктаждыктарын колдоо үчүн аскердик жардам пакетин жарыялайт»,- деди ал брифингде.

Анын айтымында, пакетте Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн жабдуулар, артиллериялык ок-дарылар жана башка жабдыктар бар.

6-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага сапары менен барды. Бир катар ЖМКлар АКШ Украинага ар түрдүү багытта жардам көрсөтөрүн, тактап айтканда Украинага 1 миллиард доллар бөлөрүн маалымдашкан.

Буга чейин Россия Украинага курал-жарак жеткирүү боюнча НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жүк Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеген. Ведомстводон НАТО өлкөлөрү Украинага курал берүү менен “от менен ойноп жатат” деп билдирген.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыштын Украинаны курал-жарак менен толтуруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгилигине өбөлгө түзбөй турганын жана терс таасирин тийгизерин белгилеген.

Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы жаңжалга түздөн-түз катышып жактанын, анын ичинде бир гана курал-жарак менен камсыз кылбастан, ошондой эле Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдүн аймагында «кадрларды» даярдоо менен да алектенерин билдирген.

Комментарий жиберүү