Араб өлкөлөрүнүн миллиарддаган доллары Израилдин аскер өнөр жайына агылууда

“Авраам келишимине” кол койгон араб мамлекеттери өздөрүн аймактагы тынчтыктын жактоочусу катары көрсөтүп келишкени менен, акыркы экономикалык маалыматтар алардын миллиарддаган долларлык каражаттары Израилдин аскердик өнөр жайына багытталып жатканын көрсөтүүдө.

Fars News агенттиги маалымдагандай, Израилдин Газа тилкесинде, Ливанда, Сирияда, Йеменде жана Иранга каршы бир нече багыттагы аскердик аракеттери уланып жаткан учурда жарыяланган маалыматтар араб мамлекеттеринин Тель-Авивден массалык түрдө курал-жарак сатып алып жатканын айгинелейт. Бул болсо Израилдин аскердик операцияларын кыйыр түрдө каржылоого алып келип жатат.

Бул процесс аймакта тынчтыкты орнотууга салым кошпой, гуманитардык жана аскердик кризистердин уланышына өбөлгө түзгөн факторго айланды.

Курал экспорту рекорддук деңгээлге жетти

Израиль жарыялаган статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы өлкөнүн коргонуу продукцияларынын экспорту 19,2 миллиард долларга жеткен, бул 2022-жылдагы 12,5 миллиард долларга салыштырмалуу бир топ жогору.

Өзгөчө көңүл бурдурган жагдай – “Авраам келишимине” катышкан араб өлкөлөрүнүн үлүшү. Алардын сатып алуусу 2022-жылы экспорттун 24 пайызын түзгөн. 2023-жылы Газадагы согуштун фонунда коомдук басым күчөп, бул көрсөткүч 3 пайызга чейин түшкөн. Бирок 2024-жылдан тартып кайра өсүп, 2025-жылы «Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка» категориясында жалпы экспорттун 15 пайызына жеткен.

Мындан да көңүл бурарлык жагдай — ошол эле статистика боюнча, Авраам келишимине катышкан араб мамлекеттери 2025-жылы Израилден АКШга караганда көбүрөөк курал-жарак сатып алышкан. Тактап айтканда, АКШнын үлүшү 13 пайызды түзсө, араб өлкөлөрүнүн үлүшү 15 пайыз болгон.

Бул көрсөткүчтөр Перс булуңунун түштүк бөлүгүнөн Израилдин аскердик өнөр жайына багытталган капитал агымы азайбастан, тескерисинче, аймактагы согуштардын күчөшү менен дагы да ылдамдап жатканын көрсөтөт.

Согуш – бизнес куралы катары

Израилдин эң ири аскердик компанияларынын бири болгон “Элбит Системс” 2025-жылы кирешесин 7,9 миллиард долларга чейин көбөйткөн.

Компаниянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө ылайык, алар Газадагы жана Ливандагы согуштук аракеттерде сыналган куралдардын натыйжалуулугун араб кардарларына көрсөтүү үчүн пайдаланууда.

Мындай ыкманы “куралдардын натыйжалуулугун кан төгүү аркылуу жарнамалоо” деп атоого болот. Башкача айтканда, аймактагы ар бир жаңы согуштук операция жаңы продукцияларды сатуу мүмкүнчүлүгүнө айланууда. Ал эми бул куралдарды сатып алган араб мамлекеттери өз кезегинде мындай кылмыштуу коммерциялык айлампага каржылык мыйзамдуулук берип жатышат.

Экспорттук түзүмдүн өзгөрүшү: жаңы согуштук муктаждыктарды камсыздоо

Согуш аракеттеринин кеңейиши менен Израилдин экспорттогон продукцияларынын курамы да олуттуу өзгөргөн. 2025-жылы ракета жана абадан коргонуу системалары жалпы экспорттун 29 пайызын түзүп, биринчи орунга чыккан. Ошондой эле байкоо жүргүзүү жана чалгындоо системаларынын үлүшү мурдагы 6 пайыздан 22 пайызга чейин кескин өскөн.

Мындан тышкары: радарлар жана радиоэлектрондук согуш жабдуулары — 11 пайызды жана согуштук учактар — 11 пайызды түзгөн.

Бул өзгөрүүлөр араб мамлекеттери акыркы мезгилдеги Газадагы, Ливандагы жана Иранга каршы операцияларда колдонулган технологиялар менен куралдарды сатып алып жатканын көрсөтөт. Демек, бир тараптан аймак элдерине каршы колдонулуп жаткан куралдар экинчи тараптан араб мамлекеттеринин каражатына сатылып алынып жатат.

Бул экономикалык маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, Израиль менен мамилелерди нормалдаштыруу процесси баштапкы ураандардан айырмаланып, араб капиталынын аскер өнөр жайына өткөрүү каналына айланды.

Израиль араб мамлекеттерине курал сатуу аркылуу бир гана өзүнүн аскердик чыгымдарын жабуу менен чектелбестен, коңшу аймактарда туруктуу керектөө рыногун түзүп, согуш өнөр жайын дагы да кеңейтүүдө. Натыйжада, араб өлкөлөрүнүн каражаттары аймактагы кризистердин жана кагылышуулардын уланышына шарт түзгөн факторлордун бирине айланып жатат.

Куралдарды Палестина менен Ливанда сыноодон өткөрүп жаткан мамлекет менен кантип стратегиялык өнөктөштүк түзүүгө болот деген негизги суроо араб коомчулугу үчүн суроо бойдон калууда.