Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын Коопсуздук кеңештеринин жолугушуусу өтүүдө. Сүрөт

Бүгүн, 13-майда Бишкекте Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков менен Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Али Багери Канинин жолугушуусу өтүп жатат.

 

1 of 9

Али Багери Кани Кыргызстанга бүгүн, 13-майда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынына катышуу үчүн келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Мелис Сатыбалдиев жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари тосуп алышкан.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны эртең, 14-майда Бишкекте өтөт.