“Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын туусунун түсүнө боёлду

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында Дубайда жайгашкан эң бийик “Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын туусунун түсүнө боёлду. 

Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болуп, анын алкагында бир катар маселелер талкууланды. 

Эскерте кетсек, “Бурдж-Халифа” имараты Дубайда жайгашып, бийиктиги 828 метрди түзүп, дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп эсептелет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *