БУУ:ТалибандынтушундаОоганстандаапийимөстүрүү32%гаөстү

  Ооганстанда Талибан кыймылы бийликке келгенден бери апийим өстүрүлгөн аянт 2021-жылга салыштырмалуу 32%га көбөйдү.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын баяндамасында айтылат.

Маалыматка караганда, талиптер ушул жылдын апрель айында Ооганстанда апийим өстүрүүгө тыюу салгандан бери ага болгон баа кескин жогорулаган. Ал эми Талибан өкмөтү маңзатка тыюу салганына карабастан, өлкөдө апийим өстүрүү 32%га өскөн.

Документке ылайык, 2022-жылы Ооганстанда 233 миң гектар жер апийим өстүрүүгө пайдаланылган. Бул Талибан бийликке келгенге чейинкиден 56 миң гектарга көп.

БУУнун кеңсеси апийимдин кымбаттаганы ооган дыйкандарын тыюуну этибарга албай, аны өстүрүүнү улантууга мажбурлай турганын белгиледи.

Өлкөдө быйылкы жылы бул өсүмдүктү айдагандардын кирешеси былтыркыга салыштырмалуу үч эсе жогорулап, 1,4 миллиарда долларга жеткен. Былтыр киреше 425 миллион доллар болгон.

Ошондой эле, маалыматта Ооганстан апийим жана героин экспортун токтотпой жатканы айтылат.

Уюмдун маалыматы боюнча Ооганстан дүйнөдөгү апийимге болгон талаптын 80% камсыздайт.

Комментарий жиберүү