Кыргызстан-БАЭ: уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг ачуу макулдашылды

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өкмөттөрү биргелешкен холдинг компаниясын түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматы кабарлап, аталган ишкана Кыргызстанда ачыларын белгиледи.

Макулдашууга президент Садыр Жапаров менен БАЭнин президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын 31-октябрда Абу-Даби шаарындагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Маалыматка караганда, холдингдин уставдык капиталы 100 миллион доллар, инвестициялык капиталы 1 миллиард 200 миллион долларга чейин чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Холдинг Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталат. Биргелешкен холдингди уюштуруу боюнча расмий келишимдер түзүлгөн.

“Финансылык ресурстардан тышкары, эмират тарап бизнес компетенттүүлүгү жагынан камсыз кылат. Каражат транспорттук-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы форматтагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзүүгө, ошондой эле башка өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары күтүлүүдө”, – деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары сапар учурунда бир нече документтерге кол коюлганы расмий кабарланды. Эки өлкөнүн дипломатиялык паспорт ээлерин виза талаптарынан бошотуу тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралган.

Мындан тышкары эки өлкөнүн Коопсуздук кызматтары, Жаратылышты коргоо, Финансы, Дин иштери боюнча министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары 30-октябрда башталган. Аны бир катар өкмөт мүчөлөрү коштоп барышты.

Комментарий жиберүү