Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында Дубайда жайгашкан эң бийик “Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын туусунун түсүнө боёлду.
Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болуп, анын алкагында бир катар маселелер талкууланды.
Эскерте кетсек, “Бурдж-Халифа” имараты Дубайда жайгашып, бийиктиги 828 метрди түзүп, дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп эсептелет.