Евробиримдик 2035-жылга чейин бензин жана дизелдик унааларга тыюу салат

Европа Кеңеши, мүчө мамлекеттердин 2035-жылга чейин унаалар жана жеңил коммерциялык унаалар үчүн катаал көмүр кычкыл газынын эмиссиясы стандарттарын киргизе турган мыйзамды жактыргандарын билдирди.

Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрү 2035-жылдан тарта бензин жана дизелдик кыймылдаткычтары бар жаңы унааларды сатууга тыюу салуу демилгесин бекитти.

Европа Кеңеши, мүчө мамлекеттердин 2035-жылга чейин унаалар жана жеңил коммерциялык унаалар үчүн катаал көмүр кычкыл газынын эмиссиясы стандарттарын киргизе турган мыйзамды жактыргандарын билдирди.

Мыйзамга ылайык, унаа өндүрүүчүлөр 2035-жылга чейин көмүр кычкыл газынын эмиссиясын нөлгө түшүрөт. Ушундайча көмүр кычкыл газын чыгарган бензин жана дизель сыяктуу ичтен күйүүчү кыймылдаткычтары бар жаңы унаалар аталган күндөн баштап ЕБ өлкөлөрүндө сатыла албайт.

Ошондой эле 2030-жылга карата абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу максаты жеңил унаалар үчүн 55 пайызды жана жүк ташуучу унаалар үчүн 50 пайызды түзөт.

Өткөн айда Европарламенттин (ЕП) Башкы ассамблеясында кабыл алынган жана күчүнө кириши үчүн ЕБге мүчө мамлекеттер тарабынан расмий түрдө бекитилиши керек болгон жобого Германия баштаган бир топ өлкөлөр каршы чыгышкан.

Планды колдоо үчүн Германия Евробиримдиктен абадагы көмүр кычкыл газын кармоо менен өндүрүлгөн электрондук отун деп аталган жаңылануучу энергия жана синтетикалык отундан бошотууну суранган. Евробиримдик комиссиясы менен Германиянын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында бул маселе боюнча консенсуска жетишилген.

Германия Евробиримдиктен синтетикалык күйүүчү май менен иштеген ички күйүүчү кыймылдаткычтары бар жаңы унааларды сатууга кепилдик алган.

Бул этаптан кийин мыйзам Евробиримдиктин расмий журналында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Комментарий жиберүү