Куштепе каналы: Талибандын мега долбоору бүткүл Борбор Азияны суусуз калтырышы мүмкүн

 Борбордук Азияда ансыз да татаал болгон транс чек аралык суу маселеси кайрадан курчуду. Ооганстан Түркмөнстан менен чектешкен Балх провинциясында ири Куштепе каналын куруу долбоорун активдүү ишке ашырууда. Анын курулушу башталганы бир жыл мурун айтылган.

Март айынын башында ооган бийликтери курулуштун жүрүшү менен таанышып чыгышкан, анын масштабы коңшуларды гана таң калтырбастан, олуттуу кооптонууну жаратты, дешет Москва мамлекеттик университетинин постсоветтик мейкиндиктеги коомдук-саясий процесстерди изилдөө борборунун эксперттери.

Талибан Амударыядагы тартыш сууга талаптанууда

Жаңы каналдын узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, тереңдиги 8,5 метр болот. Канал Балх провинциясынын Калдар районундагы Амударыядан башталат. Каналга суу ошол эле дарыядан алынат. Каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 650 кубометрди түзөт.

Долбоорду Улуттук өнүктүрүү компаниясы ишке ашырууда, ал эми курулуш мамлекеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоордун баасы болжол менен 684 миллион долларды түзөт.

Иштеп чыгуучулардын планы боюнча, канал Балх, Жаузжан жана Фарьяб провинцияларында 3 миллион жериб (1 жериб – 2000 чарчы метр) жерди сугарып, 250 миңге жакын адамды иш менен камсыз кылат.

Талибдер долбоор кургак аймактарды суу менен камсыз кылып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө түрткү берет деп эсептешет. Азыр каналды курууга 6000ден ашык адам тартылган.

2022-жылдын ноябрь айынын аягына карата бүткөрүлгөн участоктун узундугу 40 чакырымга жакынды.  Долбоорду аяктоо 2028-жылга белгиленген.

Эксперттер Коштепе каналы ишке киргенде аймактагы суу бөлүшүү абалы кескин начарлап кетиши мүмкүн деп кооптонушууда. Бул акыркы жылдарда Борбор Азиянын бардык республикалары суунун жетишсиздигин сезип жатканда болуп жатат.

Канал ишке киргизилсе Өзбекстан менен Түркмөнстан эң катуу жабыркашы мүмкүн. Өлкөлөр аймактын негизги дарыясынан сугат суусунун 15 пайызынан кол жуушу мүмкүн. Борбор Азиядагы суунун негизги керектөөчүсү Өзбекстан болуп саналат, анын калкы 36 миллионго жетип, өсүүсүн улантууда. Анын үстүнө республикадагы суунун 90%ы айыл чарбасына пайдаланылат.

Өткөн жылдын июнь айынан бери Амударыя бассейнинин толуусу 65–85%га чейин төмөндөп, ушул убакка чейин нормадан төмөн бойдон калууда. Ташкент, Душанбе жана Ашхабаддын өткөн жылдагы сууну үнөмдөөсү талаптагыдай натыйжа берген жок.

Кабулдун долбоорлору бүткүл Борбор Азия үчүн катастрофа болушу мүмкүн

Кабулдун бийлиги Куштепе каналынын курулушу менен гана чектелип калгысы келбейт. Ооганстан Пянж дарыясынын жайкы агымынын көпчүлүк бөлүгүн топтой ала турган Дашт-и-Жун гидротүйүнүн курууну пландаштырууда. Ошентип, талибдер түндүк трансчегаралык дарыялардын суусунан арстан үлүшүн алмакчы.

Эксперттердин айтымында, бул эки долбоорду ишке ашыруу Өзбекстан менен Түркмөнстандагы экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү гана алып келбестен, бүтүндөй Борбордук Азияны экологиялык катастрофага алып келиши мүмкүн.

Чынында Амударыя бир гана кургап бараткан Арал деңизинин негизги булагы болбостон, ошондой эле суу сактагычтардын жана каналдардын да булагы болуп саналат.

Дарыя өзүнүн куйган жерине жана Аралга такыр жетпей калышы мүмкүн деген коркунуч бар. Уникалдуу жаратылышы бар корголуучу аймактар ​​өмүр берүүчү нымсыз калуу коркунучунда.

Биринчилерден болуп ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк биосфералык коруктар тармагына кирген Төмөнкү-Амударыя мамлекеттик биосфералык резерваты жапа чегет.

Бул корголуучу аймак Амударыянын төмөнкү агымынын түндүк бөлүгүндө, Арал деңизинин мурдагы жээгинен түштүк-чыгышта жайгашкан.

2022-жылдын аягында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев талиптердин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул көйгөйдү чечүүгө дүйнө коомчулугун тартууну убада кылган. Бирок кырдаалдын татаалдыгы Борбор Азия республикаларынын Ооганстан менен суу бөлүшүү боюнча эч кандай келишими жок экендигинде.

Ооганстан трансчегаралык суу агымдарын жана эл аралык көлдөрдү коргоо жана пайдалануу боюнча БУУнун конвенциясына кол койгон эмес.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык координациялык суу чарбалык комиссиясы (Межгосударственная координационная водохозяйственная комиссия) да эмне кыларын билбей жатат: аларда кырдаалды жөнгө салуучу укуктук механизмдер жок. Расмий Кабул менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же Мамлекеттер аралык координациялык суу чарбалык комиссияга (МКВК)  Ооганстанды кабыл алуу азырынча мүмкүн эмес, анткени Талибан тыюу салынган уюм.

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрында Ашхабаддагы Мамлекеттер аралык координациялык суу чарбалык комиссиянын катышуучулары эки негизги дарыянын – Сырдарыя менен Амударыянын бассейндери үчүн 2022-2023-жылдарга аймактын беш өлкөсүнүн ар бири үчүн суу алуунун лимиттерин бекиткен.

Анын көбү Өзбекстанга тийген – 23,6 млрд куб метр жана Түркмөнстанга – 22 млрд куб метр тийген. Комиссиянын кезектеги жыйыны ушул жылдын апрель айында Душанбеде өтөт.

Талибан Куштепе каналын курууда Өзбекстан менен кызматташат

Жакында эле 22-мартта талиптер Куштепе каналын Өзбекстан менен өз ара түшүнүшүүнүн негизинде курууга даяр экенин жар салганы белгилүү болду. Бул тууралуу Талибан өкмөтүнүн премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу, молдо Абдул Гани Бародар Өзбекстандын президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов менен 22-марттагы жолугушуусу учурунда билдирди.

Кабулдун өкүлү сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстан Куштепе каналынын курулушу боюнча техникалык жактан кызматташууга даярдыгын билдиргенин айткан.

Мындан тышкары, Абдул Гани Барадара Ооганстандын Амударыядан “эл аралык нормаларга ылайык жана Ооганстандын артыкчылыктары менен укуктарын толук эске алуу менен” суу алууга укугу бар экенин белгилеген.

Ал каналдын курулушу эки тараптуу мамилелердин бекемделишине салым кошорун белгилеген.

Долбоор аяктаса тартыш ресурстун бир бөлүгүн жоготуп коюшу мүмкүн болгон Ташкент түз билдирүү жасоодон оолактап, айыл чарба тармагындагы мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу планын иштеп жаткансыйт.

Комментарий жиберүү