Израиль Батыш Шериага абадан кол салды

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин аба күчтөрүнүн Женин шаарына кол салуусунун натыйжасында 3 палестиналыктын каза болгону, үчөө оор 13 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 5 палестиналыкты өлтүрүп, 27си жаралады.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Женин шаарына абадан кол салуусунда 4 палестиналыктын каза болгондугу, Аль-Бире шаарында да израилдик аскерлер тарабынан атылган октун натыйжасында 1 палестиналыктын башына ок тийип каза болгону белгиленди..

Израилдин Женинге жасаган кол салуусунда 7си оор 27 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израиль согуштук учактары да 3 ракета менен Жениндеги палестиналыктардын үйүн бутага алды.

Белгиленген аба соккусунан кийин Израил аскерлери көп сандаган бронетехника жана курулуш техникасынын коштоосунда шаарга басып кирип, Женин качкындар лагерин блокадага алды.

Израиль аскерлери да жаралууларды алып кетүүгө аракет кылган тез жардам унааларын тосушту.

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын аскердик канаты Изз ад-Дин аль-Кассам бригадасынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Женин качкындар лагерин коргоо үчүн биргелешип согушуп жатабыз»,деген сөздөр орун алды.

Палестинанын президентинин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейна жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө:«Израилдик оккупациялык өкмөттүн Женин шаарында жана лагеринде кылганы биздин коргонуусуз элибизге каршы жаңы согуш кылмышы болуп саналат»,деген билдирүү жасады.

Абу Рудейна эл аралык коомчулукту «уяттуу унчукпай» туруусун бузуп, Израилдин Палестина элине каршы агрессиясын токтотуу жана бардык бул кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн олуттуу кадамдарга барууга чакырды.

Комментарий жиберүү