Иран ШКУга толук кандуу мүчө болду

Иран Ислам Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болду. Бул туурасында ШКУнун Нью-Делидеги онлайн саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган декларацияда айтылат.

“Мүчө мамлекеттер Иран Ислам Республикасынын ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет катары кабыл алынышынын тарыхый маанисин баса белгилешти”, — деп айтылат документте.

Мындан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары Беларустун уюмга кирүү боюнча милдеттенмелери тууралуу меморандумга кол коюшту.

Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда.

Ирандын президенти Ибрахим Раисинин айтымында, жаңы статус өлкөгө туруктуу экономикалык өнүгүү, эгемендүүлүктү жана коопсуздукту мурдагыга караганда көбүрөөк деңгээлде камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Ал ошондой эле улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтүүгө чакырды.

“Батыш дүйнөсүнүн гегемониясы доллардын гегемониясына өбөлгө түзөт. Жаңы экономикалык тартипти түзүү үчүн дүйнөлүк практикадан бул гегемония инструментин алып салып, өлкөлөр ортосундагы эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды колдонуу зарыл”, – деди Раиси.

Иран ШКУга толук кандуу мүчө катары расмий киргенден кийин уюмдун Пекиндеги катчылыгында Ислам республикасынын желегин көтөрүү аземи болуп өттү.

Эске салсак, Ирандын ШКУга кирүү процедурасы 2021-жылы башталган. 2022-жылы өлкөнүн парламенти бул аракетти жактырган.

Былтыр 15-16-сентябрда Самаркандда ШКУнун саммити өтүп, ага Ирандын президенти Ибрахим Раиси катышкан. Анда Ислам Республикасы уюмга мүчө мамлекет статусун алуу боюнча милдеттенмелер боюнча меморандумга кол койгон.Ирандын уюмга мүчөлүгүнүн маанилүүлүгү саммиттин бардык катышуучулары кубатташты.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен иштин маанилүү жыйынтыктарынын бири Иран Ислам Республикасынын ШКУнун толук кандуу мүчөлөрүнүн катарына кирүүсү болгонун билдирди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да Ирандын ШКУга кирүүсүн жана Беларустун ага мүчө болуу боюнча меморандумга кол коюусун кубаттады.

“Иран ШКУнун үй-бүлөсүнө толук кандуу мүчө катары кошулуп жатканын айтып жатканымы кубанычтамын. Иран президенти Раисиге жана Иран элине бардык жакшылыктарды каалайм. Ошондой эле Беларусь Республикасынын ШКУга мүчө болуу оюнча меморандумга кол коюушун кубаттайм”, – деди Моди.Ал Шанхай Кызматташтык Уюмуна жаңы мүчөлөрдүн кириши жана башка өлкөлөрдүн ага катышууга умтулуусу бул уюмдун пайдалуулугун далилдейт деп белгиледи.Иран парламентинин экономикалык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Голамреза Мархаб Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө катары кириши Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн Батыштын жана доллардын таасиринен алыс болгон соода-экономикалык мамилелерин тереңдетүүгө мүмкүндүк берип, ошондой эле экономиканын өсүшүнө алып келет деп РИА Новостиге билдирди.Ал бул келишим Батыштын жана доллардын таасири жок дени сак соода алакаларынын пайдубалын түптөөгө жардам берерин айтып, ШКУ аймактын (Жакынкы жана Орто Чыгыштын – ред.) өлкөлөрүнүн экономикасынын жаркын өсүшүнө салым кошуп, аймактык өлкөлөр үчүн пайдалуу боло турганын белгиледи.Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани Ирандын ШКУга кабыл алынышы уюм үчүн да, өлкө үчүн да эки тарапка тең пайдалуу болот деп билдирген.

Комментарий жиберүү