ШКУнун саммити. Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизеби?

Бүгүн, 4-июлда, Нью-Делиде видео-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында Ооганстандагы кырдаал тууралуу да сөз болду.    

Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда.

Кыргызстан Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар

Коопсуздук маселелерине токтолгон президент Садыр Жапаров ооган көйгөйүн көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

“Кыргызстан үчүн, биздин досторубуз сыяктуу эле, Ооганстандагы тынчтык жана туруктуулук – аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы артыкчылыктуу шарттардын бири болуп саналат. Кыргызстан ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр жана Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар”, – деди мамлекет башчысы.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөө принцибине берилгендигин белгилөө менен Кыргызстан ооган элинин тарыхый тажрыйбасынын, маданиятынын, каада-салттарынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн негизинде өз өлкөсүнүн келечегин аныктоо укугун сыйлайт деп баса белгиледи.

Путин: Ооганстандагы кырдаалды курч бойдон калууда

Ооганстандын аймагында кырдаал дагы эле курч бойдон калууда, деди Россиянын президенти Владимир Путин.

Ал ооган темасы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн көңүл борборунда экенин белгиледи.

“ШКУ салттуу түрдө Ооганстандагы кырдаалга көңүл бурат. Кесиптештер бул туурасында жогоруда айтышты. Тилекке каршы, кырдаал курч бойдон калууда”, – деди Путин.

Анын айтымында, антитеррор, экстремизмге жана диний радикализмге каршы аракеттенүү, баңги аткезчилигине жана аткезчиликтин башка түрлөрүнө бөгөт коюу, бандиттик түзүмдөр менен күрөшүү ШКУнун артыкчылыктуу багыты бойдон калышы керектигин билдирди.

Моди: Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизет

Ооганстандагы кырдаал Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна таасирин тийгизип жатканын Индиянын премьер-министри Нарендра Моди билдирди.”Ооганстандагы кырдаал биздин бардык элдерибиздин коопсуздугуна таасирин тийгизет. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн көбү Индиянын Ооганстанга байланыштуу тынчсыздануусун жана күтүүлөрүн тең бөлүшөт. Биз Ооганстандын элине жардам берүү үчүн биргелешип аракет кылышыбыз керек”, – деди премьер-министр.Токаев: Ооган элине жардам берүүнү улантуу маанилүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ооганстандагы азыркы кырдаалга токтолуп, ооган элине БУУнун колдоосу астында жана координациялоочу ролу менен жардам берүүнү улантуу маанилүү деп эсептеди.Ал Алматыда Борбор Азия жана Ооганстан үчүн Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча БУУнун Регионалдык борборун түзүү боюнча биздин демилгебизге дагы бир жолу көңүл бурууну сунуштады.Рахмон Ооганстандагы баңгитрафигин коркунучтуу деп атадыОоганстан аймагынан баңгитрафигинин масштабы коркунучтуу динамикага жетти, бул тенденцияга каршы туруу уюмдун негизги милдеттеринин бири болуп калуусу керек,  деди Рахмон.Анын айтымында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жаңы тиешелүү түзүмүн түзүүнү эске алуу менен ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча комплекстүү иштер улантылышы керек.Белгилей кетсек, 2022-жылы Тажикстанда 4,1 тоннага жакын баңги заты алынганы маалымдалган. Негизги канал Ооганстан болуп саналат.

Комментарий жиберүү