Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнө улуттук валютада эсептешүүлөрдү көбөйтүүнү сунуштады

 Шанхай Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрү биримдиктин алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү көбөйтүүсү керек. Бул тууралуу  Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 4-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги саммитинде билдирди.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммити Нью_делиде онлайн-форматта өтүп жатат.

Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда.

“Уюмдун алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатка ылайыктуу деп эсептейм”, – деди Кытай лидери.

Ал ошондой эле суверендүү санариптик валюталар боюнча кызматташууну арттыруу жана ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча иш алып баруу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, саммитте Иран Ислам Республикасы ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын алат.

Комментарий жиберүү