Мирзиёев Швецияда Курандын өрттөлүшүн «оор кылмыш» деп атады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Швецияда Куран китебинин өрттөлүшүн айыптап, аны “оор кылмыш” деп атады.

Бул туурасында ал 5-июлда Ташкенттеги шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда билдирген.

“Динди жана жер шарындагы миллиондогон адамдын асыл сезимдерин кемсинткен мындай нерселерге жол берилбеши керек”, – деди Мирзиёев.

Ошондой эле ал “түрдүү элдердин диний баалуулуктарын сыйлабаган радикализм менен экстремизмдин кандай гана түрү болбосун баарына каршы экенин” белгиледи.

28-июнда Швециянын баш калаасы Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китеби өрттөлгөн. Бул акцияны Швецияга Ирактан качып барган 37 жаштагы Салван Момика аттуу жаран уюштурганы кабарланган.

Анын бул акциясын көптөгөн мусулман өлкөлөрдүн саясатчылары кескин сынга алган.

Россиянын президенти Владимир Путин Россияда Куранды сыйлабагандык башка мамлекеттерге салыштырмалуу кылмыш болуп саналарын айтып, Россия бул мыйзам эрежелерин ар дайым сактай тургандыгын билдирген.

Комментарий жиберүү