Швециядагы абал…

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Швецияда Куран өрттөлгөн провокацияга болгон реакциялар тууралуу Syndsvenskan гезитине билдирүү жасады.

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Стокгольмдо Курман айттын биринчи күнү, 28-июнда мечиттин алдында Куран өрттөлүшү анын өлкөсүнүн жакшы имиджин жаманга айландырышы мүмкүн экенин айтты.

Биллстрем Швецияда Куран өрттөлгөн провокацияга болгон реакциялар тууралуу Syndsvenskan гезитине билдирүү жасады.

Биллстрем: «Швецияда Курандын өрттөлүшү өлкөбүздүн жакшы имиджин жаман өңүткө айландырышы мүмкүн», – деди.

Швециянын аброюн сактап калуу үчүн күрөшүп жатканын белгилеген Биллстрем: «Швеция исламофобиялык катары көрсөтүлө берсе, анын жакшы имиджи узак мөөнөттүү келечекте жаман жагына өзгөрөт. Мунун Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүү процессинин кесепеттерине кандай таасир этээрин алдын ала айтуу кыйын. Бирок өкмөттүн сөз эркиндигин да коргошу маанилүү»,-деп өз баасын берди.

Швециянын Тышкы иштер министрлиги да кечээ жарыялаган билдирүүсүндө Курандын өрттөлүшүн айыптады.

Билдирүүдө : «Швеция өкмөтү өлкөдөгү демонстрацияларда айрым адамдардын исламофобиялык аракеттеринин мусулмандарды таарынтуучу болушу мүмкүн экенин түшүнөт. Швеция өкмөтүнүн көз карашын эч бир түрдө чагылдырбаган бул кыймылдарды катуу айыптайбыз»,-деп айтылат.

Куран жана башка ыйык китептердин өрттөлүшү «ачык чагымчылдык» деп мүнөздөлгөн билдирүүдө, «Расизмге, ксенофобияга жана ага байланыштуу сабырсыздыкка Швецияда да, Европада да орун жок»,деген пикир айтылган.

Бир тараптан Швецияда Курандын өрттөлүшү Англиянын борбор шаары Лондондо да нааразылык акциясын жаратты.

Митингге чыккандар «Эркиндиктин чеги бар» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Сауд Арабиясы да Швециянын Эр-Рияддагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Сауд Арабиясы бул уятсыз жорукту кескин түрдө четке кагат»,делди.

Билдирүүдө Швеция өкмөтүнөн «элдер менен мамлекеттердин ортосунда болушу керек болгон урмат-сыйга шек келтирген, сабырдуулук жана модерация сыяктуу баалуулуктарга каршы келген аракеттерди токтотуу» талап кылынган.

Швециянын борбору Стокгольмдо теги ирактык Салван Момика 28-июнда Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосунда Куранды өрттөп жиберди.

Провокация эл аралык аренада, өзгөчө Түркияда катуу каршы чыгууну туудурду.

Комментарий жиберүү