Интернет-трафиктин Орусия – Казакстан – Иран альтернативдүү багытын түзүү сунушталды

Казакстандын президенти Орусия – Казакстан – Иран багыты боюнча була-оптикалык байланыш линиясын куруу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди.

Токаевдин айтымында, мындай чара Инди океанын бойлой өткөн азыркы эл аралык линияларга кошулуу үчүн зарыл.

“Бул Евразия мейкиндигиндеги транзиттик трафиктин альтернативдүү багытын гана түзбөстөн, маалыматтык логистикадагы ЕАЭБдин позициясын глобалдык деңгээлде кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк берет”, – деди Токаев.

Декабрдын башында Орусиянын бийлиги эгер Европа орусиялык операторлорду трафик алмашуу түйүндөрүнөн толук өчүрсө, интернет-трафикти башка өлкөлөр аркылуу алууга даяр экенин билдирген.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө.

Санкт-Петербургдагы жыйындын катышуучулары бир катар документтерге, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында 2030-2045-жылдарга чейин экономикалык процесстерди өнүктүрүү тууралуу декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Комментарий жиберүү