Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

Акыркы убакта электрондук чылымдар менен энергетикалык суусундуктардын адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизгендигине карабастан өтө тездик менен дүйнөлүк коомчулукта кеңири жайылып келе жатат. Мунун эпкини Кыргызстанга да келип жетип, эки жыл аралыгында даана байкала баштады. Бул каражаттардын кесепети адамдардын ден соолугуна тийгизген кесепетинен тышкары, тагдырын да талкалаарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да төгүнгө чыгарбайт.

Бул маселени Жогорку Кеңештин  трибунасынан бир нече жолу  көтөрүп келе жаткан депутат Таалайбек Масабиров менен вейп чылымдары жана энергетикалык суусундуктардын жаштардын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу маектештик.

– Таалайбек Айтмаматович, электрондук чылымдар менен энергетикалык суусундуктардын жаштардын ден-соолугуна тийгизген терс таасири боюнча маселени көтөрүп келе жатасыз. Тиешелүү министрликтерге кайрылып көрдүңүзбү?

– Чындыгында эле бүгункү күндө айрыкча вейп чылымдар жаш муундарга өтө терс жана да кесепеттүү таасирин тийгизип жатат. Бул боюнча мен Өкмөткө, Саламаттыкты сактоо минстрлигине да кайрылгам. Кала берсе комитетте бул боюнча кеңири талкуу болгон.

Себеби, эртең менен мектептин жанынан өтүп бара жаткан учурда 5-6-класстын балдарынан баштап, жогорку класстын балдарына чейин бири-бирине мактанып “мен чеккен чылымда алманын жыты же малинанын жыты бар” деп ар кандай адамга жагымдуу жыттардын кошулмасы бар электрондук чылымдарды чегип турушканын байкоого болот. Азыр жаш балдардын табитине ылыйыкташтырылган вейп чылымдардын даанасы 50 сомдон 100 сомго чейин экен. Биз муну бүгүнкү күнү көйгөй катары карабай жатканыбыз менен  акыры жакшы бүтпөйт. Себеби,  вейп чылымдарынын курамында атайын уулоочу зат, ошону менен катар никотин, таурин аралашмалары бар. Муну Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да “кадимки чегилип жүргөн тамекилерге караганда вейп чылымдарынын зыяндуулугу жогору” деп билдирди.

Ал эми энергетикалык суусундуктардын кандай гана түрү болбосун жаштардын эле эмес, дегеле баардык курактагы адамдардын ден-соолугуна тийгизген зыяндуулугунун кесепети жогору. Энергетикалык суусундуктарды ичкен адамдар кайра-кайра ичкиси келип отуруп, акырындап кууп ичип калышат. Натыйжада өнөкөт ооруулардын келип чыгышын шарттайт. Акыркы убакта ооруулардын жашарып жаткандыгынын да негизги себеби ушунда.

– Электрондук чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды чектөө же болбосо биротоло тыюуга мүмкүнбү?

– Жогоруда айтылган көйгөйлүү маселелердин алдын алуу үчүн бала бакчадан баштап, мектептердин программасына чейин атайын тарбиялык сааттарды кошумча киргизүү керек. Азыр ар бир мектептерде психологдор, врачтар бар. Атайын адистер бир айда бир жолу тарбиялык сааттын негизинде электрондук чылымдар, энергетикалык суусундуктар болобу же ар кандай алкоголдук ичимдиктердин адамдын ден-соолугуна жана коомчулукка тийгизген терс таасири боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзуп турушу керек.

Мурда тамекиден тышкары калян чегилчү эле. Бирок, мынчалык жаштар арасында масштабдуу деңгээлге чыккан эмес. Тилекке каршы, азыр кайда барбаңыз балдар эле эмес, кыздар да кадимкидей эле чегип калышты. Бирок, мунун зыяндуулугун эч ким айткан жери жок. Бул улуттун келечеги үчүн өтө коркунучтуу көрүнүш. Ошондуктан, бул терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн көрнөк – жарнактарга вейп чылымдарынын зыяндуулугу боюнча маалыматтарды чыгарып, балдардын аң-сезимин ойготуш керек. Мен мындан өткөн күрөшүүнүн жеңил жолун көрбөй турам.

– Спорт чебери жана чемпион катары айтсаңыз,  вейп чылымдарынын спортко тийгизген таасири канчалык?

– Албетте, спорт сергек жашоонун булагы. Адам спорттун кайсы гана түрү менен машыкпасын биринчиси өзүнүн, экинчиси коомчулукка пайдалуу жактарын тийгизүүнү шарттайт. Бул улут үчүн да чоң жетишкендик. Эгер элдин 40, 50 пайыздан жогоркусу спорт менен машыга турган болсо, анда бул элдин келечеги түптүү экендигинен кабар берет. Ден-соолугу чың болгон элдин келечектеги муундарынан атактуулар дагы чыгышы күмөн эмес.

Эгер эл арасында спортко көңүл буруу пайыздуулугу төмөн көрсөкүчтү бере турган болсо, анда улуттун өзөгүн сактап калуу үчүн ар кандай жолдор менен күрөшүү зарылдыгы келип чыгат. Ошондуктан мен жаштарды ар кандай энергетикалык жана газдалган суусундуктар менен кошо чылымдардын кандай гана түрлөрү болбосун колдонбоого чакырат элем. Себеби, жаш организм зыяндуу нерселерди бат кабыл алат. Анын үстүнө азыркы чыгарылып жаткан чылымдардын курамына атайын адамдын организими бат кабыл ала турган жагымдуу жыттардын кошулмасын кошуп таттуу кылып коет экен.

Бат көнгөн организм психологиялык травмага да алып келет. Башкача айтканда өспүрүмдүн эмоционалдуу жана бат ачуулуу болуп калышына алып келет деп угуп жүрөм. Чындыгында бул көрүнүштөр коомчулукта болуп жатпайбы. Мисалы, окуучулардын ата-энеси, мугалимдер менен кайым айтышуусу же суицидке баруусу жана башка терс көрүнүштөрдүн келип чыгышы бир эле коомдук же үй-бүлөлүк таасирден эмес. Мунун себеби башкада экендигинин да ыктымалдуулугу бар. Мунун өзү жүрөккө гана эмес, психологияга да таасир этип, коркунуч жаратат. Ансыз деле азыр ооруулар жашарып кетти. Мурда жүрөк ооруулары улгайып калган кишилерде кездешчү болсо, азыр жаш балдар да жүрөк оорусу менен ооруп жатат.

– Кантип көзөмөлгө алууга болот?

– Жакында Саламаттыкты сактоо министрлиги китеп чыгарды. Мен ошол жыйында да электрондук чылымдар боюнча китепчелерди көбүрөөк чыгарып, зыяндуулугу боюнча жазып чыкпайсыңарбы деп сунуш киргиздим. Ата-энелер да балдарга окуп берсин. Эгер түшүндүрүү иштери болбосо жаштарды тыюу оорчулук жаратат. Себеби, азыр мен айтып жаткан көйгөй шаарда басымдуулук кылат. Эгер бул маселе айылдарга чейин жете турган болсо, анда көзөмөл кылуу оорлошуп кетет.

Муну мыйзам менен гана көзөмөлгө алууга болот. Мыйзам менен кошо катуу талаптар болушу керек. Кайсы жерде талаптар, көзөмөлдөр начар болсо кандай гана маселе болбосун аны тыюу мүмкүнчүгү кыйын болот. Анын үстүнө бул товарларды чет мамлекеттен зыянбы, зыян эмеспи товар катары алып кирүүгө аракет кылып жатышпайбы. Менимче мунун артындагы кызыкчылык бизнеске гана барып такалат. Эми мына ушуларды көзөмөлгө алуу үчүн биздин кесиптештер Улан Бакасов менен Изатбек кызы Аида “Кыргыз Республикасынын аймагында никотин жеткирүүнүн электрондук системаларын жана электрондук тамекилерди колдонууга тыюу салуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки түтүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” жана “Укук бузуулар жөнүндө кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Азыр бул аталган мыйзам долбоор комитетте каралып жатат. Кудай буюрса, ишке ашып калса канчалык бир деңгээлде жогоруда белгилеп кеткен көйгөйлөрдү көзөмөл кылууга шарттар түзүлөт деген ойдомун.

– Бул суусундуктар, чылымдар биздин өлкөгө аткезчилик жол менен ташылабы же мыйзамдуу эле киреби?

– Атайын мыйзамдуу түрдө эле импорт аркылуу кирет. Азыр кайсы гана дүкөнгө кирсеңиз энергетикалык суусундуктар бар. Менин угушума караганда азыр биздин жергиликтүү компаниялар да чыгарып жатыптыр. Бул жерде жергиликтүү компаниядан чыгабы же импорт жолу менен киреби, айтор кандай жол менен биздин рынокко сатыкка коюлган болсо да улуттун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик деңгээлде тыкыр көзөмөлгө алынышы керек. Себеби, бул товарларда “тамеки чегүү сиздин ден соолугуңузга зыян” деген сыяктуу эскертүүлөр да жок. Анткени, адамдын организими буга көнгөндөн кийин акчаны уурдап болсо да алат. Себеби, организм көз каранды болуп калат.

– Эгер сиздер сунуштап жаткан мыйзам долбоору колдоо тапса, окуучуну саламаттыкты сактоо пункттарынан ар алты ай сайын ден соолугун текшерүүнү милденттендирип койсо болобу?

– Ооба, болот. Ар бир алты ай сайын баланы медициналык кароодон өткөрүп, анализ тапшырып турса, баланын канынан тамекинин курамындагы элементтердин бары же жогу аныкталат. Бул  биринчиден, баланын жоопкерчилигин тактайт жана ден – соолугунун чың болушун шарттайт. Экинчиден, түшүндүрүү иштери менен кошо баланы ата-энелер тыкыр көзөмөлгө алат. Себеби, бул жерде жоопкерчилик каралат. Ошон үчүн ата-энелерге жоопкерчилик каралыш керек деген талап коюлуп жатат.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.

Комментарий жиберүү