Иранда быйыл Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленет. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган.
Ирандын “Fars News” маалымат агенттиги Ислам революциясынын 43 жылдыгына карата биринчи жолу өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Зенжан шаарында тартылган революциянын башталышынын сүрөттөрүн жарыялады.
Аталган шаар революциянын оор жана маанилүү күндөрүн башынан өткөргөн. Ак-кара кадрлардын автору маркум сүрөтчү Исмаил Пуржам болсо, түстүү сүрөттөрдү Нематулла Саффори тарткан.
Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн кийин мекенине кайтып келген.
Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөн соң 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.
Буга байланыштуу Иранда 1-февралдан 11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленеп, өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.