Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын буга чейин жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү

Иранда быйыл Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленет. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган.

Ирандын “Fars News” маалымат агенттиги Ислам революциясынын 43 жылдыгына карата биринчи жолу өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Зенжан шаарында тартылган революциянын башталышынын сүрөттөрүн жарыялады.

Аталган шаар революциянын оор жана маанилүү күндөрүн башынан өткөргөн. Ак-кара кадрлардын автору маркум сүрөтчү Исмаил Пуржам болсо, түстүү сүрөттөрдү Нематулла Саффори тарткан.

Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн кийин мекенине кайтып келген.

Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөн соң 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.

Буга байланыштуу Иранда 1-февралдан  11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленеп, өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Комментарий жиберүү