Иранда 2024-жыл өндүрүш жылы деп жарыяланды

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Нооруз майрамы алдында өлкө элине майрамдык куттуктоо менен кайрылып, келе жаткан жылды «Өндүрүштүн секирик жылы» деп жарыялады.

Иранда Нооруз жаңы жылдын башталышын билдирет. Иран календары боюнча 2024-жылдын 21-марты  1403-жыл 1-бахман (Хижрий жыл санагы) болот.

Ал ирандыктарды, айрыкча согуш ардагерлеринин үй-бүлөлөрүн, ошондой эле өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү жана жер бетиндеги тынчтык үчүн ар дайым жанын аябаган шейиттердин үй-бүлөлөрүн берекелүү Рамазан айына туш келген Нооруз майрамы менен куттуктады.

Хаменеи өткөн жыл (1402) башка жылдардагыдай эле эле таттуу менен ачууну, каалаган жана каалабаган окуяларды камтыган жыл болгонун, бирок мунун баары дүйнөнүн жана жашоонун табияты экенин белгиледи.

Анын айтымында, кубанычтуу учурлар деп өлкөнүн ички иштериндеги олуттуу илимий жетишкендиктерди, технологиялык жетишкендиктерди, бүткүл өлкө боюнча ишке ашырылган инфраструктуралык өндүрүштөрдү айтууга болот.

Ошону менен бирге ал экономикада кыйынчылыктар, инфлация жана кайгылуу окуялар анын ичинде генерал Касем Сулейманини эскерүү учурундагы террордук чабуулдар, Газа тилкесиндеги геноцид жана башкалар болгонун билдирди.

Жогорку лидери бардык кыйынчылыктарга карабастан, былтыр өкмөт инфляцияны ооздуктоо жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү боюнча жакшы иштерди жасаганын, бул жаатта дагы көп күч-аракеттерди жумшоо заырл экенин белгиледи.

Ал кирип келген жылда аткарыла турган иштер көп экенин, бул үчүн Ирандын ар бир жараны жашоону жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүү үчүн өздөрүн жоопкерчиликтүү деп эсептеши керек экенин айтты.

Хаменеи өлкөнүн экономикалык маселелерин чечүүнүн негизги ачкычы – бул өндүрүш, ата мекендик өндүрүш, улуттук өндүрүш экенин, ошондуктан акыркы бир нече жылдан бери өндүрүшкө басым жасап жатканын белгиледи.

“Эгерде улуттук өндүрүштө өсүш болсо, анда инфляция, иш менен камсыз кылуу маселеси, улуттук валютанын наркы жана башка бир катар негизги экономикалык көйгөйлөр чечилет. Өндүрүш маселеси маанилүү маселе, ошондуктан быйыл да өндүрүшкө басым жасап жатам, Аллах буйруса элдин катышуусу менен өндүрүш маселесинде быйыл секирик болоруна ишенем”, – деди аятолла.

Анын айтымында, өндүрүштө секирикке жетишебиз десек, элди өндүрүш чөйрөсүнө сезилерлик түрдө тартуу керек, элдин катышуусуна тоскоолдуктарды жоюу керек.

“Буларга байланыштуу быйылкы жылдын ураанын «Элдин катышуусу менен өндүрүштүк секирик» деп жарыяладым. Мамлекеттик сектордо чоң мүмкүнчүлүктөр бар, бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке киргизүү керек, аларды өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн колдонуу керек. Бул ураан эң жакшы жол менен ишке ашат деп ишенебиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Али Хаменеи.

Комментарий жиберүү