Иран Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн катышуусу менен жаңы энергошакекче түзөт

Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын ортосунда төрт тараптуу электр энергиясын алмашуу боюнча чоң потенциал бар.

Бул тууралуу Ирандын энергетика министри Али-Акбар Меграбиан Өзбекстандын энергетика министрлигинин башчысы Журабек Мирзамахмудов менен болгон жолугушуусунда билдиргенин IRNA маалымат агенттиги билдирди.

«Өлкө коңшу өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен электр энергиясын алмашууну кеңейтүү үчүн зарыл иштерди даярдады», – деди Меграбиян.

Ал ошондой эле ирандык компаниялар Өзбекстан менен электротехникалык долбоорлорун ишке ашырууда, электр тетиктерин жана жабдууларын экспорттоодо, энергетикалык жабдууларды чыгарууда жана электр жабдууларын чыгаруу боюнча атайын линияны курууда кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Борбордук Азиянын энергошакекчеси Советтер Союзу учурунда электр энергиясын эффективдүү пайдалануу максатында түзүлгөн. Башында анда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан тышкары Түркмөнстан менен Тажикстан дагы бар эле. 1990-жылдары Түркмөнстан бөлүнүп чыгып, Иран жана Грузия менен иштешип кеткен. Андан кийин Тажикстан өз алдынча болууну чечкен.

Энергетикалык шакекче 500 киловольттук линиядан туруп, бир учурда 740-750 мегаватт кубаттуулукту өткөрөт. Мындан көбөйүп кеткен учурда автоматтык түрдө өчүп же айрым станциялары иштен чыгат.

Комментарий жиберүү