Иран Израилди коркутту

Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) маалымат сайты Axios атын атагысы келбеген дипломатиялык булактарга таянган кабарында билдирди.

Иран Израилди коркутту

Иран Израилдин Газадагы операциясы улана турган болсо кийлигишээрин эскертти.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) маалымат сайты Axios атын атагысы келбеген дипломатиялык булактарга таянган кабарында Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгыш тынчтык процессинин Ливандагы атайын координатору Тор Веннесланд менен болгон жолугушуусунда, өлкөсүнүн Израиль -Хамастын чыңалуусуна байланыштуу билдирүүсүн айтты.

Ал булактарга ылайык, Абдуллахиян кагылышуунун аймактык согушка айланышын каалабагандарын жана Газада Хамас тарабынан барымтада болгон израилдиктердин бошотулушуна жардам бере ала тургандарын айтты.

Бир тараптан өлкөсүнүн «кызыл сызыктары» бар экенин баса белгилеген Абдуллахиян БУУнун өкүлүнө Израилдин кол салуулары уланса жана өзгөчө Газага кургактыктан кол салса Ирандын жооп бериши керектигин билдирди.

Веннесланд Израилдин расмийлери, өзгөчө Израилдин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Цачи Ханегби менен да байланышып, Ирандын билдирүүсүн Тель-Авив администрациясына жеткирди.

Комментарий жиберүү