Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын аскердик базасына жооп иретинде сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, дал ушул базадан түнү Ирандын Хормозган провинциясындагы Сирик аралына чабуул жасалган.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүн Ирандын мамлекеттик телерадио компаниясы жарыялады.
«АКШ армиясынын Сирик аралындагы телекоммуникациялык мунарага жакында жасаган чабуулуна жооп катары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аба-космостук күчтөрү операция жүргүзүлгөн авиабазага сокку урду», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШга эгер агрессия кайталанса, масштабдуу жооп кайтарыларын эскертти.
Кайсы өлкөдөгү базага сокку урулганы айтылган жок.
Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгы америкалык аскерлер дем алыш күндөрү Ирандагы радардык системаларга жана учкучсуз аппараттарды башкаруу пункттарына сокку урганын билдирген.
Иран тараптан жабыркагандар тууралуу эч кандай маалымат жок. Америкалык базага келтирилген зыяндын чоо-жайы айтыла элек.
Сирик аралы Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында, Ормуз кысыгынын жанында жайгашкан.
Өткөн аптада да Иран менен АКШ сокку алмашышкан. Америка армиясы Бандар-Аббас порт шаарына кол салып, ракета учуруучу жайларга жана катерлерге сокку урган. Жооп катары Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын аба базасына сокку урган.