Иран өлкөдөгү соңку баш аламандыктарды «текебер державалардын» кутуму деп атады

 Ирандагы соңку баш аламандыктар текебер державалардын кастык кутуму болуп саналат, деди Ирандын Коргоону күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери.

“Ирандагы соңку баш аламандыктар – Ислам революциясы текебер державалардын кызыкчылыктарына кыйратуучу соккусун урганын жана алар бир нече кылымдар бою дүйнөнү багынтуу үчүн жумшаган нерселердин бардыгын коркунучка кептегенин көрсөтүп турат”, – деген Багеринин сөзүн Tasnim News агенттиги келтирет.

Анын айтымында, акыркы үч айда Ирандын аймагына кирген контрабандалык курал-жарактар ​​өлкөдө баш аламандык уюштурууга жана толкундоолорду тутандырууга багытталган.

“Акыркы 115 күндүн ичинде душмандар Ислам Республикасынын режимин жок кылуу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялашты. Алар шпиондук, чалгындоо жана ошондой эле өздөрүнүн медиаимпериясын колдонуу менен Иранга жалаа жаап, башаламандык жаратууга аракет кылышты. Курал-жарактарды киргизүү менен алар өлкөдө террордук ишмердүүлүктү күчөтүп, бейкүнөө калктын өлүмүнө алып келген баш аламандык учурундагы зордук-зомбулуктун деңгээлин жогорулатты”, – деп кошумчалады өлкөнүн Башкы штабынын башчысы.

Багери душмандар санкциялардын басымы жана экономикалык көйгөйлөрдөн улам иран эли көчөгө чыгып, лидерине, туусуна, динине жана мазхабына каршы кыйкырып чыгарына үмүт кылганын, бирок алардын бул планы ишкек ашпай калыганын билдирди.

“Ирандын улуу эли өлкөнүн ички көйгөйлөрүн чечүү үй-бүлөлүк ички көйгөй экенин түшүнүп, буга сырттан келгендердин кийлигишүүсүнө жол берген жок. Улуу эл душмандын каалоосуна карабай көчөгө чыкпай, алардын планын жокко чыгарды”, – деди ал.

Ирандык генерал алданып, кандайдыр бир себептер менен көчөгө чыккандар саналуу гана адамдар экенин, бул эл нааразычылык менен хаостун айырмасын так түшүнүп, душмандын талаасында ойнобогондугун билдирет деди.

Багери эми иран элине каршы кутумдардан жана козголоңдордон майнап чыкпагандан кийин, мамлекеттин душмандары ар кандай коркутууларды колдоно башташканын белгиледи.

“Буга чейин Иран өлкөсүнө каршы ар кандай согуштарды, айла-амалдарды жана кутумдарды сынап, ийгиликсиздикке учураган душмандар бүгүн ар кандай коркутууларды бириккен түрдө колдонуп жатышат”, – деди ал.

Ирандагы толкундоолор сентябрдын орто ченинде 22 жаштагы Махса Амини каза болгондон кийин башталган. Расмий маалымат боюнча, полиция Амини туура эмес жоолук салынганы үчүн кармаган. Сурак учурунда ал жүрөгү кармап, андан улам каза болгон.

17-сентябрда кызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктагандан кийин нааразылык акциялары башталган. Анктени социалдык тармактарда кызды полиция сабады деген маалыматтар тарап кеткен. Тополоңчулар полиция кызматкерлерине жана «Басиж» кошуунунун мүчөлөрүнө кол салышып, Куранды кордоп, мечиттерди жана өкмөттүк имараттарды, тез жардам унааларын жана май куюучу жайларды өрттөп, хижабчан аялдарга кол салышкан.

Ирандын ар кайсы шаарларында тополоңдун катышуучулары жана уюштуруучулары камакка алынган, алардан муздак жана ок атуучу куралдар алынган.

7-октябрда Ирандын соттук-медициналык экспертиза уюму Аминин өлүмүнүн себеби боюнча расмий баяндамасын жарыялап, ал эч кандай жаракат албаганын билдирген.

Иран бийлиги тополоңду уюштурууга Улуу Британия, Израил, Сауд Аравия жана АКШнын чалгын кызматтарын күнөөлөгөн.

Комментарий жиберүү