Италиянын Сицилия аралындагы Троина шаарында үйлөр бир еврого сатылууда. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “CNN” телеканалына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик шаарга жаңы жашоочуларды тартуу үчүн атайын акция жарыялаган: шаардагы үйлөрдү 1 еврого сатыкка коюп, сатып алуучуларга үйдү ондоого акча берет. Имараттарды жакшы абалда сатып алууга макул болгондор 8 миң еврого чейин грант алышат.
Сицилиянын мэри шаардагы ондогон үйлөрдү 1 еврого сатууну чечкен. Үйдү сатып алуунун бирден-бир шарты – сатып алуучулар үйдү сатып алган күндөн тартып үч жылга жетпеген убакыттын ичинде оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек.
Бир нече жыл мурун, бул шаардын тургундары үйлөрүн таштап, башка шаарларга көчүп кетишкен.