Италиядагы үйлөр бир еврого сатылууда

Италиянын Сицилия аралындагы Троина шаарында үйлөр бир еврого сатылууда. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “CNN” телеканалына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик шаарга жаңы жашоочуларды тартуу үчүн атайын акция жарыялаган: шаардагы үйлөрдү 1 еврого сатыкка коюп, сатып алуучуларга үйдү ондоого акча берет.  Имараттарды жакшы абалда сатып алууга макул болгондор 8 миң еврого чейин грант алышат.

Сицилиянын мэри шаардагы ондогон үйлөрдү 1 еврого сатууну чечкен. Үйдү сатып алуунун бирден-бир шарты – сатып алуучулар үйдү сатып алган күндөн тартып үч жылга жетпеген убакыттын ичинде оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек.

Бир нече жыл мурун, бул шаардын тургундары үйлөрүн таштап, башка шаарларга көчүп кетишкен.

Комментарий жиберүү