Исламга каршы “Динде реформа” кыймылы жана анын өкүлдөрү

Табиин жана кийинки доорлордо Хазрети Пайгамбардын мурасчылары болгон Мужтахид аалымдар Ислам дининин өзгөчө Акаид жана Фыкыхка байланыштуу рукун жана негиздерин аныктап, түшүндүрүшкөн. Бирок, түрдүү себептер менен бул негиздерди кабыл кылбаган же буларга терс түшкөн фырка жана уюшмалар пайда болгон. Хадиси шарифтерде баяндалгандай булардын Исламды жаңылыш түшүнгөн, бузган жана накыл кылган кишилер менен топтор экендиги белгилүү.

Ахли сүннөт аалымдары хадистерге таянып «бидат жана далалат» топтор деп сыпаттаган бул «акыйда жана амал жагынан адашкан топтор» заманыбызда түркүн аттар менен мусулмандардын ыйман жана ибадаттарын өзгөртүүгө, жаңылыш таанытууга жана «бузук, адашкан акыйдаларын» Ислам дини кылып көрсөтүүгө  аракет кылышууда.

Булардан кээ бирлерин мындайча санаса болот:

Ваххабилик жана Салафилик

Ваххабиликтин тамыры Ибн Таймиянын Жумхурга каршы чыккан ишеним жана көзкараштарына таянууда. Ибн Таймия «Төрт мазхаб» имамынын Акаид негиздерине каршы болуп, улуу Аэундан улам камалган.

М. Ибн Абдулваххаб өзгөчө англистердин башкаруусунда болгон Мусташриктердин башкаруусунда Османлы мамлекети өкүлчүлүк кылган «Сүнни Итикадга» каршы кийин диний литературада Ваххабилик, кээде Салафилик болуп аталган «четке кагуу» кыймылы башталган. Бул кыймыл кайра жандантуу, оңдоо сыяктуу дүнүйөдө жаңы диний пикирлердин жана заманбап Исламчылыктын негизин кураган «бузук идеология» абалында калыптанган. Мунун өзөгүндө Төрт Мазхаб имамы баш болуп «Жумхур уламаны четке кагуу» жана Асхабы кирам билдирген ыйманга ээ бүткүл мусулмандарды «такфир» бар. Аяти карималарда бардык момундар Аллахтын «олуясы» болуп түшүндүрүлүүдө. Момун момунду жакшы көрүүгө мажбур. Себеби, ар момун көңүлүндө «Аллахка ыйман нурун» алып жүрөт. Намазда Момун Каабага карап окуйт. Бул Каабага сыйынуу болуп эсептелбейт. Ваххабилер, башка аты менен Салафилер олуяны сүйүүнү, аларга урмат кылууну «ширк» деп кабылдашууда. Бул «таухид» үчүн кылынууда. Бул кокус Батыш чыгарган Яхуди жана Христиандардын биримдигин өкүл кылган «евангелист таухид» болуп жүрбөсүн! Себеби, алар ишенген бул «таухидди» эмнегедир бир гана чыныгы таухид ахли болгон мусулмандардын ыйман жана иштерине каршы колдонууда, бирок, Батыштын «ибнуллах»\Аллахтын уулу» сыяктуу күфүр ишеним жана иштерине каршы колдонгондуктары эч көрүнбөйт.

Мазхабсыздык

Мазхабсыздык Ваххабиликтин бир узандысы катара колдонулууда. Ваххабилер толугу менен Ханбалиликти кабыл кылышпайт. Бирок, расмиятта Ханбалибиз дешет. Калган үч мазхабга карата машруят камсыздоо максаты менен ушундай мамиле кылышат. Эки агымга тең байлангандарда Мажтахид аалымдарды жана Мазхабдарды четке кагуучулук бар. Элдин мазхаб имамына эмес өздөрүнө байлануусун жана өздөрүнүн бузук пикирлерин кабылдоосун каалашат. Бөтөн идеологиялардын өкүлдөрү дагы мусулмандардын карама-каршылыкка түшүүлөрү үчүн дайыма каршы пикирлерди чыгарышып, жергиликтүү мазхабсыздарга колдоо көрсөтүшөт. Бирок, эч натыйжага жете алышпайт. Мына ушул маселеде чоң кедерги болгон нерсе Мазхабдар экендигин анык көрүшөт. Мазхабдар Ислам үммөтүнүн диний биримдигин камсыздап турган эң кубаттуу фактор экендигин билишет.

Бирок, Төрт Мазхаб түшүнүгү кылымдар бою Ислам географиясында жана мусулмандар арасында ушунчалык жайылып, оң кабылдангандыктан бул мазхабдан биринде болбогон киши диндин тышына чыккандай эсептелет. Анын үстүнө динге каршы болгондордун бул Төрт Мазхабга каршы экендиктерин дагы көргөндө калктын бул терс кабылдоосу толугу менен керилген болот. Ошондуктан, Исламда Модернисттер «мазхабсыздык» түшүнүгүн жактырышпайт жана муну колдонушпайт.

Афгани, Абдух, Р.Рыза, Мавдуди жана Хамидуллах сыяктуу аттуу баштуу Модернисттер Мазхабсыздарга каршы болгондуктарындай эле Мазхаб имамдары тарабынан жазылган Акаид, Фыкых, Ахлак жана Сияр китептерине дагы каршы. Буларды сындаганда гана сөз кылышпаса, сунуштоону пастык деп эсептешет.

Өлкөбүздөгү «Ахли сүннөткө каршы» кишилердин эч бири Төрт Мазхабдан бирин кабыл кылышпайт. Атүгүл, бүткүл дараметтеринде негизги максаттары Төрт Мазхаб имамы, аалымдары жана алардын эмгектерин сындоо экендиги ачык байкалат.

Меалчылык (Куран котормочулугу)

Мазхабсыздыктын жашыруун жана башка сөз менен тымызын бир түрү. Максаты – Акаид жана Фыкых аалымдарын ортодон сүрүп таштоо, өзгөчө Фыкых менен байланышты үзүү. Экинчи максат – Исламдын туура түшүнүлүүсүн камсыздаган Ахли сүннөт аалымдары. Буларга койсо ар ким колуна меал (Куран котормосун) алып, динин ошондой үйрөнмөкчү. Кылымдар бою Селжук жана Османлы доорлорунда котормо окуу делген «Меалчилик» көрүлгөн эмес. Ушундайча бул кыймыл бир аяттын маанисин үйрөнүү үчүн Меал жана Тафсирлерди кароо болуп саналбайт. Эгер андай болгондо эч бир Ахли сүннөт аалымы Тафсир жазмак эмес. Бул агым 19. Кылымдын акыры жана 20. Кылымдын баштарында Мысырда ыслахат деген ат менен Исламда Реформа кыймылынын башталышы менен өлкөбүзгө кирип келген.

Негизинде Меалчилик бул Миссионер Ориеталист кыймыл болуп саналат. 16. Кылымда Папалыкка жана Чиркөөнүн кысымдуу позициясына каршы ортого чыккан Реформа кыймылынын дагы бир тажрыйбасы болуп саналат. Ал учурда Христиандык ушундай реформага тап болгон. Инжил которулуп, элге сунулган. Ал заманга чейин христиан монахтар Инжилди менчиктеп алып, элдин Инжилди үйрөнүүсүнө кедерги болуп жатышкан эле. Атүгүл, акчага күнөө кечиртип, Жаннатка кирүү кагазын тапшырып жатышкан эле.

Миссионер Ориенталисттер бул жанкейитер абалды Исламда жана мусулмандарда да ишке ашырууга белсеништи. Бирок, биринчиден Исламда Монах классы жок эле, аалымдар классы бар. Аалымдардын мусулмандардын күнөөлөрүн кечирүүлөрү мындай турсун, Хазрети Пайгамбарга дагы мындай жетки берилген эмес. Акыретте дагы шапаат улуу Аллахтын уруксатына байланыштуу. Курани каримдин ачыктануусу эч качан чектелген эмес, Исламдын башынан тарта Тафсир кыймылы уланган жана элге сунулган. Сырдуулук жок. Китепканалар түрдүү тилдерде жазылган Тафсир китептерине толо. Кызык жери, мусулман өлкөлөрдөгү Модернисттер өздөрү Миссионер Ориенталисттерге ушунчалык берилип жана акылдарын четте калтырышып, аяттарга жана апачык далилдерге карабай бул акыйкаттарды көрүшкөн эмес же ишенишпеген. Бул тутумдары менен Мунафыктарга канчалык окшошкондуктары көрүнүп турат. Аяттарда Мунафыктардын «хидаятты\ыйманды берип далалатты\күфүрдү алгандыктары» жана акыйкаттын алдында «дүлөй, тилсиз жана көр экендиктери» ачыкталган. (Кар. Бакара, 16 жана 18)

Хадис инкарчылыгы (четке кагуучулугу)

Ислам илимдеринде экинчи даражадагы булак – Хадистер. Хадиси шарифтер – Пайгамбар алейхиссаламдын сөздөрү. Хазрети Пайгамбар – улуу Аллахтын Пайгамбары. Аллаху таала динин кулдарына түшүндүрүү үчүн Пайгамбарларды жиберген. Соңку Расул катары Мухаммед алейхиссаламды тандаган. Ага Курани каримди вахий кылган. Жабраил алейхиссалам эки жолу асыл келбети менен жана калгандарында адам келбетинде Пайгамбарыбыз алейхиссаламга келген, Куран аяттарын таблиг кылган жана Ислам дининин буйрук жана тыюуларынын кантип орундала тургандыгын таалим кылган. Жабраил Амин үйрөткөндөрү менен вахий жана илхам жолу менен өзүнө билдирилгендерди орду жана маалы келгенде ачыктаган. Хадис куллияты мына ушундайча пайда болгон. Булар асхабы кирам жана табиун баштап калган равилер тарабынан эрежелерине ылайык түрдө накыл кылынган. Кийин бул накыл кылынган риваяттар Мухаддис аалымдары тарабынын китеп абалына келтирилген.

Мухаддис аалымдардын даражалары бар. Имам (20 миң), Хафыз (100 миң), Хужжат (800 миң) жана Хаким (800 миңден жогору) хадисти метин, сенет, жерх жана тадил жагынан билген (жаттаган) кишилер бул атактарга ээ болушкан.

Ислам дүйнөсүндө жана өлкөбүздө Хадис четке кагуучулугу – Модернизмдин алгачкы баскычтарынан бири. Университеттерибизде бул инкарчылык модага айлангандай. Миссионер Ориенталисттер дагы мунун үстүндө көп турушууда жана китептери менен бул инкарчылыкты колдошууда. Себеби, Ислам дини хадистер менен ачыкталууда. Курани каримдин тафсирлеринде хадис эки булак болууда. Ошондуктан, Миссионер Ориенталисттер Исламды «тахриб жана тахриф» кылууну (бузууну) хадистерден башташкан. Алгач аскерий сөз менен айтканда замбирек атылчу аралыкта болгон Фыкых жана Сияр аркылуу аткылап, «күмөк-шек туудуруп», Исламды алсыратуу аракетин көрүшкөн жана артынан Хадис үстүндө басым жасашкан. Себеби, Хадис күмөндүү абалга келгенде Исламда  «командалык штаб» басып алынган болот. Модернист Исламчылардын мүдөө жана максаттары мына ушул! Ошондуктан, бизде жана Ислам дүйнөсүндөгү Модернисттердин бардык диний шилтеме жана сунуштамалары Миссионер Ориенталисттердин пикир жана эмгектерине таянууда.

Биздеги Хадис инкарчыларынын кээ бирлери мына булар: Эмгек чөйрөсү хадис болгон Мехмет Гөрмез, чөйрөсү Философия болгон Жанер Тасламан, чөйрөсү Адабият болгон М. Нур Доган. Ахли Сүннөткө каршы бардык Модернисттер өлкөбүздө жана өлкө сыртында болсун баары хадис инкарчылары болуп саналат. Баары Ориенталистчи.

Куранда Тарыхыйчылык

Куранда Тарыхыйчылык мусулман бирөөнүн оозуна келе турчу жана ишене турчу бир түшүнүк эмес. Толугу менен Ориентализмге ылайыкташкан Ватикан продукциясы. Бул түшүнүк түрдүү чечмеленсе да Мартин Лютер сыяктуу Куранды илахий сөз болуудан чыгарууну максат кылууда. Окуялардан тарта вахийге, Кахф сүрөсүндөгү Хазрети Муса жана Хазрети Хызырга, Ниса сүрөсүндөгү Мураска жана Тообо сүрөсүндөгү Жихадга чейин ичте жана тышта бул темаларга байланыштуу бүткүл ой-пикир, көзкараш, каршы чыгуулар ачык күфүрдү билдирүүдө.

Ушундайча Хадис инкарчылыгынан кийин экинчи этап Куранда Тарыхыйчылыкка өтүшкөн. Бул аракет менен Исламдын китеби өкүмсүз абалга келтирилген болууда.

Фазлуррахман менен камыр-жумур болгон бул агымдын өлкөбүздөгү өкүлдөрүнөн кээ бирлери мына булар: Мустафа Өзтүрк, Өмер Эрсой, Илхами Гүлер, М. Хайри Кырбашоглу, Хаккы Йылмаз, Алпарслан Ачыкгенч, Хадийе Үнсал жана башкалары.

Куран Мусулмандыгы

Куран Мусулмандыгы агымы Исламды «тахрип жана тахкир» ишинде үчүнчү этап болуп саналат. Бул этапта диндин Пайгамбары да, динди ачыктаган Мазхаб аалымдары да жок. Бардыгы четке кагылууда. Куран болгону бир сүрөт жана сөз деп кабылданууда. Ага тийиштүү бүткүл байланыштар четке чыгарылууда. Илахий тарабы калтырылган эмес. Куран Хазрети Пайгамбарга түшүрүлбөгөн сыяктуу. Аны Сахаба, Табиин жана калган имамдар накыл кылышпагандай. Куран көктөн бардык нерсени четке каккан ушул Модернисттерге түшкөндөй. Өздөрүнө чейин жеткен кандайдыр бир каражат жана байланыш жок. Акылы ордунда болгон 5 жаштага балага буларды айтсаңыз «Бул киши жиндиби?» – дейт. Бирок, күфүр  – тандоо маселеси. Кээ бирлери шүгүрдү (ыйманды), кээ бирлери болсо күфүрдү тандайт. (Кар. Ихсан\Дехр, 3)

Бул агымга тутулгандардын башкы аргументтери «Ойдон чыгарылган дин – Курандагы дин» деген ураан. Хазрети Пайгамбарга түшүрүлгөн жана Сахаба, Табиин жана калган Мужтахид аалымдар тарабынан заманыбызга чейин келген Ислам «Ойдон чыгарылган Ислам» имиш. Андай болсо өздөрүнөн суралса: Ал Куран сага кандайча жетип келди? Аны кимдер алып келишти? Аятта буюрулгандай Пайгамбардын динди ачыктаган «табйин» милдети (Кар. Нахл, 44) бар.  Буга эмне дейсиң? Ишенбесең сени ким деш керек? Аятка ишенбегендердин өкүмү эч шексиз ачык жана белгилүү – Күфүр! Биз буларды жаштарыбыз жана элибиз мусулман болуп көрүнгөн Мунафык жана тымызын капырларга ыймандарын уурдатып алышпасын деп ачык жазуудабыз.

Бул агымдын өлкөбүздөгү биринчи фанатик коргоочусу – Яшар Нури Өзтүрк эле. Өмүрүн деизм деп жүрүп бүтүрдү. Аны Өмер Эрсой, Илхами Гүлер, М. Нур Доган, Ихсан Элиачык, Мустафа Исламоглу жана калгандары ээрчишти.

Деизм жана Фидеизм

Деизмдин тамыры 16. жана 17. Кылымга таянат. Батыштан чыккан түшүнүк. Батыш ойчулдарынын кээ бирлери Христиан ыйык жазууларынан (вахий Иса Масих сыяктуу) шектенгендиктеринен ушундай түшүнүккө баш калкалашкан: «Биз Теңирге ишенебиз, бирок, Чиркөөнүн дин деп астыбызга койгон жазууларына ишенбейбиз» – дешкен. Ошондуктан, бул агымда «ибадат кылуу» жоопкерчилиги дагы жок.

Ислам дининде мындай түшүнүктүн орду албетте жок. Бирок, Миссионер Ориенталисттер «Мазхаб имамдары дагы Исламды өзгөртүп, ага кошумчаларды киргизишип, мусулмандардын астына коюшкан» деген жалаа менен жаштарга, өзгөчө Имам Хатиб Лицейлерине муну киргизүүгө аракет кылышкан. Бул жолдо бир кыйла илгерилешти. Угулган нерселерге караганда от далай жерди каптаган.

Өлкөбүздөгү китептүү өкүлү – Яшар Нури Өзтүрк.

Фидеизм дагы тамыры Батыштан чыккан түшүнүк. Салт «ишенүүнү» билдирет. Бул ишенүүнүн түбүндө кандайдыр бир дин болуусу мүмкүн болгондой эле ойдон бүткөн бир пикир, үй-бүлө маданияты, үрп-адаттарга байланган бир ишеним системасы дагы болуусу мүмкүн.

Өлкөбүздөгү мунун өкүлү – Мустафа Өзтүрк.

Др. Ж. Ахмет Акышык  

Комментарий жиберүү