15 жылдан бери биринчи жолу палестиналыктар президентти жана парламентти шайлашат

Палестинада 2021-жылы жалпы шайлоо акыркы 15 жылда биринчи жолу өтөт.

Islam Today: WAFA агенттиги билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Махмуд Аббас кол койду.
Жарлыкка ылайык, мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоо 2021-жылы 22-майда, ал эми президенттик шайлоо 2021-жылы 31-июлда өтөт.
Белгилей кетсек, Палестинанын Мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоонун жыйынтыгы боюнча 120 орундуу парламент түзүлөт.
 Добуш берүү Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде дагы болот. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мүчөлөрү 2021-жылдын 31-августунда аяктай турган Палестина Улуттук Кеңешинин мүчөсү болушат.
Эске салсак, Палестинанын Мыйзам чыгаруу жыйынынын акыркы жалпы шайлоосу 2006-жылы өткөрүлүп, анда ХАМАС жеңип чыккан, ал эми Махмуд Аббас  2005-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Комментарий жиберүү