Италияда мафиянын 30 жылдан бери издөөдө жүргөн башчысы кармалды

 Принтер Италияда кылмыштуу топтун 30 жылдан бери издөөдө жүргөн башчысы Маттео Мессина Денаро кармалды. Полиция ал камакка алынганын 16-январда билдирди.

Сицилиянын борбор шаары Палермодо колго түшкөн Мессина Денаро Cosa Nostra мафиясынын башчысы экени айтылып келген. 1992-жылы антимафияга каршы прокурорлор Жованни Фалькон менен Паоло Борселлинонун өлүмүнө күнөөлөнүп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ал Флоренцияда, Римде жана Миланда болгон жардырууларга катышкан деген негизде өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылууда.

Комментарий жиберүү