Кувейттин эмири 86 жашында көз жумду – монархияны эми ким башкарат?

Кувейттин жаңы эмири мураскор ханзаада Мишаал аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах болду. Ал 86 жашында көз жумган башкаруучу Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын бир тууган иниси. Бул тууралуу Al Qabas басылмасы жазды.

Жаңы дайындалган эмир 1940-жылы туулган. Мишаал өзүнүн үч бир тууганы – Наваф, Сабах жана Жабер сыяктуу эле эмир Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын (1921-1950-жылдары Кувейтти башкарган) уулу.

Тиешелүү билдирүүнү Кувейттин телевидениеси аркылуу өкмөт башчынын орун басары, министрлер кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министр Исса аль-Кандари билдирди.

Шейх Машааль аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах

Кувейттин Конституциясына ылайык, эмир каза болгондон кийин такты автоматтык түрдө мураскор ханзаадага өтөт, бирок ал Улуттук ассамблеяда (бир палаталуу парламент) ант бергенден кийин гана бийликке келе алат. Жаңы эмир бир жыл ичинде мураскер дайындашы керек болот. 

Мурдагы эмир шейх Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах 16-декабрда 86 жашында каза болду. AP агенттиги маалымдагандай, ал ноябрдын аягында ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. Өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланып, мамлекеттик мекемелер үч күнгө жабылды.

Үч күндүк аза күтүү Египетте да уланат. Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси каза болгон эмирди “улуу жана акылман адам” деп атаганын Египет лидеринин басма сөз катчысы билдирди.

Наваф аль-Ахмед Кувейтти 2020-жылдан бери башкарып, анын бир тууган агасы Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах 92 жашында каза болгондон кийин эмир болгон.

Эмирдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров Кувейттин мураскер ханзаадасы Мишаал Аль-Ахмад Аль Джабер Аль Сабахка көңүл айтты.

Ал маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах Кувейт мамлекетинин дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кеткенин белгиледи.

“Шейх Наваф өзүнүн даанышмандыгы жана камкордугу, айрыкча дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга көрсөткөн боорукердиги жана кайрымдуулугу менен ар дайым үлгү болуп кала берет. Анын жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй–бүлөсүнө, жакындарына жана боордош Кувейт элине жеке өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, – деп айтылат телеграммада.

Комментарий жиберүү