«Шаб-е Ялда» же «Челле түнү» – жылдын эң узун түнү катары бегиленүүчү ирандыктардын байыркы майрамы. Кыргызстанда аны кыштын эң суук 40 күнү келген «Чилде түнү» деп аташат. Күздүн кетишин, кыштын келишин айгинелеген бул түнү бүт үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, өзгөчө майрамдашат.
Ялда түнү күз мезгилдин акыркы күнү күн баткандан баштап, кыш мезгилинин биринчи күнү күн чыкканга чейин майрамдалат, анткени бул күндөн баштап түн кыскара баштайт. Ирандыктар бул күнү кыш мезгилин тосушуп, өзгөчө жөрөлгөлөрдү өткөрүп, алдыда кыш жакшы болсо экен деп тиленишет.
Григориан календары боюнча бул күн 21-декабрдан 22сине караган түнү, ал эми Ирандын расмий календары боюнча 30-азардан 1-дей айына караган түнгө туура келет.
2008 – жылы Ялда түнү Ирандын улуттук баалуулук тизмесине расмий түрдө кирген.
XIII кылымдын аягында иран акыны Саади “Ялда түнү бүтмөйүнчө чыныгы таң атпайт” деп жазган.
Бул майрамдын дагы бир чоң өзгөчөлүгү ирандыктар өзгөчө дасторкон жайышат. Дасторкондун үстүн ар кандай тамактарга, мөмө-жемиштерге жана кургатылган мөмөлөргө, өзгөчө анар, дарбыз жана башкалар менен толтурушат. Дарбыз – бул түндүн эң негизги жемиши. Бул түнү дарбыз жеген адамдын жылы бою ден-соолугу чың болуп, оору-сыркоодон алыс болот деп ишенишет. Ошондой эле перс акындарынын, өзгөчө Хафиздин ырларын окушат.
“Шаб-е Ялда” майрамы бир гана Иранда эмес, ошондой эле кошуна өлкөлөр Ооганстанда, Тажикстанда жана башка дагы бир катар өлкөлөрдө белгиленет.
Бул майрамды Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүк да жыл сайын Бишкекте өткөрүп келет. Майрамдык иш-чара жыл сайын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөрүлүп, ага борбор калаадагы ирандыктар, кыргызстандыктар катышат. Маданий иш-чаранын алкагында ирандык окуучулар, перс тилин окуган студенттер перс акындарынын ырларынан үзүндү окушат, коноктор дасторконго жайылган мөмө-жемиштерден даам сызышат.