Курмандыктар 800дөн ашты. Садыр Жапаров зилзалага байланыштуу Марокконун Королуна көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун Королу Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты.

Мароккодо күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун саны 820га жетип, 672 киши жаракат алды.

“Ушул жылдын 8-сентябрында болгон жер титирөөдө адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Мамлекет башчысы жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.

Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматы боюнча, күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө Марракештен 80 чакырым алыстыкта ​​болгон. Андан кийин күчү 4,8, 3,4, 3,2 жана 3,3 баллга жеткен дагы бир нече жер титирөө катталды.

Буга чейин 296 киши каза таап, 329 киши жаракат алганы маалымдалган.

Комментарий жиберүү