Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жарышка 80 өлкөдөн карылар катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн.
Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Ибрахим Раиси катышты.
Атайын критерийлер боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
Мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча:
1-орун – Мухаммад Жавад, Иран Ислам Республикасы;
2-орун – Курбанбеков Мухаммадияр кары, Кыргызстан;
3-орун Исмаил Хамдан, Ливан.

Кыраат боюнча:
1-орун – Амир Хусейн, Иран Ислам Республикасы;
2-орун – Саййид Амир, Афганистан;
3-орун – Абдуллах Фикрий, Индонезия.
Куранды жатка окуу боюнча:
1-орун – Сина Тоббахий, Иран Ислам Республикасы;
2-орун – Абдулалим Абдурахим, Кения;
3-орун: Шейх Махмуд Хасан, Бангладеш.
Айымдар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макомат менен окуу боюнча:
1-орун – Фатима Асгарзаде, Иран Ислам Республикасы;
2-орун – Лейла Арафе, Ливан;
3-орун – Амина Шерзод, Афганистан.
Куранды жатка окуу боюнча:
1-орун – Амина Ибрахим, Гана өлкөсү;
2-орун – Хажир Мехралаян, Иран Ислам Республикасы;
3-орун – Несрин Залидий, Алжир.
Белгилей кетсек, Мухаммадяр кары учурда Бишкек шаарындагы Ак-Мечит шаарынын имам-хатиби, «Куран ордо» диний уюмунун директору.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандык Мухаммадали Умаров Меккедеги дүйнөлүк куран жарышында “Куран” китебинин 600 барагын жатка айтып, 1-орунду алган. Ага сыйлык катары 250 миң риал берилген (5 миллион 400 миң сом).