Байден жашыруун сапары менен Украинага эмнеге барды?

 Акыркы 15 жылдан бери биринчи жолу америкалык президент Украинага келди.  Күтүүсүз сапары менен келген Жо Байден 20-февралда Киевде Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Байдендин сапары жөнүндө алдын ала айтылган эмес.

Анын сапары күтүүсүз болду, анткени Ак үйдүн жарыялаган графигине ылайык, Байден Польшага шейшемби күнү эртең менен келиши керек болчу жана Украинанын аймагына визити таптакыр пландалган эмес.

Бирок Киев Байдендин сапарын “жашыруун” жана “күтүлбөгөн жерден” катары көрсөтсө да, Ак үй “жаңжал кырдаалын болтурбоо үчүн” сапардын алдында бир-эки саат мурун Москваны маалымдар кылганын моюнга алды.

Кылдат пландалган жашыруун сапар

Байдендин айтымында, ал атайын Украинадагы атайын аскердик операциянын бир жылдыгынын алдында украиндерге «демократияны, аймактык бүтүндүгү менен көз карандысыздыгын толук колдой турганын» көрсөтүү максатында келген.

АКШнын президентинин Киевге сапары Ак үйдүн, Пентагондун жана Жашыруун кызматтын катышуусунда бир нече ай бою пландалганын Байдендин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчисинин орун басары Жон Финер билдирди.

«Бул сапар бир нече ай бою кылдат пландалган, ага Ак үйдөгү бир нече кеңселер, штаб башчыларынын комитети, Улуттук коопсуздук кеңеши,… ошондой эле Пентагондогу жана Жашыруун кызматтагы аз сандагы кесиптештер катышкан”, -деди ал брифингде.

Финер ошондой эле сапарды даярдоого америкалык чалгынчылар да катышканын кошумчалады.

Байдендин келишине байланыштуу Киевдин жарымы курчоого алынган. АКШ президенти  украин президенти менен согушта курман болгондордун элесин эскерүү мемориалына барганда шаарда абадан коргонуу системасынын эскертүүсү жаңырып турган.

Андан соң биргелешкен маалымат жыйынында Байден “Бир жыл өттү, Киев да турат, Украина да турат, дүйнө болсо Украинаны колдоп жатат”, – деп билдирди. 

Украин бийлиги аларды “бир добуштан колдоп жаткан” америкалык лидерге жана Конгресске жылуу ыраазычылык билдирди.

Зеленский бул сапарды эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы эң маанилүү сапар деп атады. Украин лидери америкалык кесиптеши менен Украинага алыскы бутага жетүүчү курал-жарак берүү маселесин талкуулаганын да кошумчалады.

Президенттер ошондой эле өзүнчө фронттогу кырдаалды жана калктын көйгөйлөрүн талкуулашты. Зеленский сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун айтты.

«2023-жыл жеңиштин жылы болот деп ишенебиз», – деди ал.

Кийинчирээк Зеленский телеграмм каналына: “Жозеф Байден, Киевге кош келдиңиз! Сиздин сапар – бардык украиналыктарды колдоонун өтө маанилүү белгиси”,- деп жазды. https://t.me/V_Zelenskiy_official/5182?embed=1

Киев үчүн 700 танк. Байдендин убадасы 

Зеленский менен жолугушуудан кийин Байден Украина уланып жаткан жаңжалда өтө чоң бааны төлөп жатканын жана “курмандыктар өтө чоң” экенин айтты. Ал алдыда «оор күндөр, жумалар жана жылдар» болорун баса белгилеп, Киевди «канча убакыт талап кылса, ошончолук» колдоого убада кылды.

Ак үйдүн өкүлү АКШ Украинага аскердик жардамдын жаңы топтомун жөнөтөрүн, ага HIMARS системасы үчүн ок-дарылар, 155 миллиметрдик жана 120 миллиметрдик снаряддар, абадагы буталарга көз сала турган радарлар кирерин билдирди.

 Америкалык лидер АКШ 50дөн ашык мамлекеттен турган Атлантикадан Тынч океанга чейинки мамлекеттердин коалициясын түзө алганын белгиледи.

“Биз баарыбыз Украинага 700гө жакын танк жана миңдеген бронетехника, артиллериялык системаларды, 2 миллиондон ашык артиллериялык снаряддарды, 50 залптык октук реактивдүү тутумдарды жана абадан коргонуу системаларын жеткирүүгө милдеттенгенбиз”, – деди ал.

Ал мунун баары Украинанын коргонуусу үчүн зарыл экенин кошумчалады.

Эч кандай үмүт жок

Эксперттер Байдендин сапарын Россияга чакырык катары баалашууда.

КМШ өлкөлөрү институтунун жетекчисинин орун басары Владимир Жарихин муну тынчтык сүйлөшүүлөрү болбойт деген белги катары баалайт.

“Андан тышкары, америкалыктар алдын ала Москва Киевге сокку урбайт деп ынанышкан. Болбосо Байден келмек эмес”, – деп баса белгиледи Жарихин.

Ички саясий жагы да бар. Тактап айтканда, Байден президенттик шайлоонун алдында кайраттуулукту жана чечкиндүүлүктү ушундайча көрсөтүп жатат.

Россия өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин эксперти Денис Денисов белгилегендей, Байден бул сапарында жаңы эч нерсе айткан жок.

“Ал Украинага аскердик колдоо көрсөтүү стратегиялык мүнөздө экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Эгерде Вашингтон тынчтык жөнүндө ойлосо, америкалыктар акча бербей, Зеленскийге кысым көрсөтүшмөк”, – деп түшүндүрдү саясат таануучу.

Киев символикалык сапардан дежур фразалар менен аскердик жардам пакетинен да көбүрөөк нерсе күтүшкөн.

“Мисалы, ЖМКлар учактарды жеткирүү маселесин активдүү талкуулашты, бирок Байден муну эстеген жок. Бул Вашингтонду Украина эмес, Россияны ооздуктоого кызыктырары менен байланыштуу”, – деп баса белгиледи эксперт.

Белгилей кетсек, Байден Вашингтондон 19-февраль эртең менен учуп кеткен. Киевге болсо Польшадан поезд менен келгип, кайра ошол эле жол менен кайтып кетти. 

Байден Польшанын борбору Варшавага жасаган иш сапарынын алкагында россиялык кесиптеши Владимир Путинге “сигнал” жөнөтө турган сөз сүйлөй тургандыгы күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү