Кыргызстандык кары Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, жарышка 80 өлкөдөн карылар катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн. 

Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Ибрахим Раиси катышты.

Атайын критерийлер боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

Мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча:

1-орун – Мухаммад Жавад, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Курбанбеков Мухаммадияр кары, Кыргызстан;

3-орун Исмаил Хамдан, Ливан.

Кыраат боюнча:

1-орун – Амир Хусейн, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Саййид Амир, Афганистан;

3-орун – Абдуллах Фикрий, Индонезия.

Куранды жатка окуу боюнча:

1-орун – Сина Тоббахий, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Абдулалим Абдурахим, Кения;

3-орун: Шейх Махмуд Хасан, Бангладеш.

Айымдар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макомат менен окуу боюнча:

1-орун – Фатима Асгарзаде, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Лейла Арафе, Ливан;

3-орун – Амина Шерзод, Афганистан.

Куранды жатка окуу боюнча:

1-орун – Амина Ибрахим, Гана өлкөсү;

2-орун – Хажир Мехралаян, Иран Ислам Республикасы;

3-орун – Несрин Залидий, Алжир.

Белгилей кетсек, Мухаммадяр кары учурда Бишкек шаарындагы Ак-Мечит шаарынын имам-хатиби, «Куран ордо» диний уюмунун директору.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандык Мухаммадали Умаров Меккедеги дүйнөлүк куран жарышында “Куран” китебинин 600 барагын жатка айтып, 1-орунду алган. Ага сыйлык катары 250 миң риал берилген (5 миллион 400 миң сом).

Комментарий жиберүү