Кыргыз калпагы Иранда кызыгуу жаратты. Кыргызстандык имам Иран президентинин колунан сыйлык алды

Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышында экинчи орунду багындырган кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков Иран президенти Ибрахим Раисинин колунан сыйлык алды.

Тегеран шаарында өткөн жарышка 80 өлкөдөн карылар катышып, алгачкы тур онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн.

Курбанбеков Мухаммадияр кары мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча экинчи орунду багындырды. Биринчи жана үчүнчү орундарды Иран жана Ливан алды.

Муфтияттын маалымат кызматы вице-чемпиондун кыскача маегин чыгарды. 

Ассаламу алейкум, Мухаммадяр кары! Жеңишиңиз кут болсун!

— Ыракмат. Алла баарыбыздан ыраазы болсун.

Сынакка кандайча катышып калдыңыз?

— «Биз сынак боюнча эки ай мурда интернеттен көрүп, конкурс талабындай видео жөнөткөнбүз. Көп өтпөй уюштуруучулар экинчи турга өткөнүбүздү кабарлап, ватсапптан түз аудио окуп жөнөтүүнү суранышты. Башкача айтканда, студияларда окулгандарды, үнү жасалгандарды кабыл албай, табигый үнгө басым жасашты. Критерийлер да татаал болду. Тажвид, тартил, макоомат, үн, вакф, ибтида ж.б. талаптарга ылайык колдон келишинче окуп жөнөттүк. Кийин финалга өткөнүбүздү билдиришип, билет алып беришти. Ошентип катышып калдык. Ошол учурда жарышка кеткенибизди эч кимге маалымдаган жокпуз. Алдыда оор жарыш күтүп турган эле. Анын үстүнө тартындык. Ошентип Алланын каалоосу менен байгелүү орун алдык.

Финал да оор болгон чыгар.

— Ооба. Баары ачык-айкын болду. Ал тургай кезек боюнча да электрондук номер менен чыктык. Ким качан кайсыл маалда чыгышы боюнча чүчүкүлак кармалды. Мусабака (жарыш, –ред.) 5 күн бою созулду. Ошол күнгө чейин абдан тынсызданып, эшикти бекитип алып тынымсыз даярданып аттым. Ошентип биз чыгар күн да келди. Жарышка чыгарда гана Курандын кайсы бетинен окуурум айтылды. Оор жеринен туура келди. Узун-узун аяттар. Бийик секиде окугандыктан, өз үнүм өзүмө угулган деле жок. Бирок Алланын колдоосу менен жакшы окудук. Менден кийинки 9-номурда чыккан ирандык кары да аябай мыкты окуду. Ливан жана Тажикстан да аябай жакшы окушту. Жыйынтыгында 1-орун Иранга, 2-орун бизге, 3-орун Ливанга насип кылыптыр.

Калпак менен катыштыңыз. Улуттук баш кийимибиз болгон калпак көзгө абдан жылуу учурады…

— Ооба. Калпак менен отурганыбыз көпчүлүккө кызыгуу туудурду. Журналисттер сынак жүрүп атканда да, бүткөндө да сүрөткө тартып атышты. Ал тургай дүйнөлүк Куран жарышынын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын башкы сүрөтүнө да биздин калпакчан сүрөтүбүз коюлду. Телепрограммага чакырылып, конок катары катыштык.

Дагы бир жолу жеңишиңиз кут болсун! Куранга, исламга, ак калпак кыргыз элине талбай кызмат кыла бериңиз.

— Сиздерге да ыракмат. Азирети Муфтийибиз Замир кары башында турган муфтиятка ыраазычылык билдирем.

Ирандын “Telewebion” сайты кыргызстандык карынын Куранды окуп жаткан видеосун чыгарды.

Комментарий жиберүү