АКШ Путиндин өзөктүк курал боюнча айткандарына жооп берди

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Россиянын өзөктүк курал боюнча даярдыгында эч кандай өзгөрүү жок деп эсептейт жана бул маселе боюнча Москва менен үзгүлтүксүз түз байланышта экенин билдирди. 

“Чындыгында, азыркы этапта биз россиялык өзөктүк куралдарынын даярдыгынын өзгөргөнүн байкаган жокпуз жана өз күчтөрүбүздүн даярдыгына кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүнү зарыл деп эсептебейбиз”, – деди Салливан CNN телеканалына берген маегинде.

Муну менен ал Украинанын айланасындагы чыңалуунун күчөшү жаңы баскычка чыгып, Москва кийинки деңгээлдеги куралдарды колдонууга өтөбү деген суроого жооп берди.

Салливан ошондой эле, АКШ бул жаатта жаңылыштыктарды болтурбоо үчүн россиялык кесиптештери менен дайыма түз байланыштарды кармап турарын кошумчалады.

Эске салсак, 21-февралда Россиянын президенти Владимир Путин Федеалдык жыйында өлкөнүн Коргоо министрлигине жана “Росатомго” өзөктүк куралды сыноого даяр болуу тапшырмасын берген.

Путин Россия өзөктүк куралды биринчи болуп сынабай тургандыгын, бирок мындай кадамга АКШ бара турган болсо, Россия дагы жасай тургандыгын баса белгиледи.

Орус лидери бул боюнча Мамлекеттик Думага мыйзам долбоорун сунуштап, ал ошол эле күнү кабыл алынган. Андан кийин документ Федерация Кеңеши тарабынан бир добуштан кабыл алынды.

Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Россиянын Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими боюнча кырдаалдын өнүгүшү толугу менен АКШдан көз каранды экенин айтты. Ал ошондой эле америкалык тарап келишимден чыгышы мүмкүн экенин сунуштап, бирок анын мындан аркы кадамдарын алдын ала айтуу оңой эместингин билдирди.

Комментарий жиберүү