Түркияда кайрадан жер силкинип, 70тей адам ооруканага жеткирилди

Түркиянын чыгышында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталганын, Европалык Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) маалымдады.

Жер титирөө биздин убакт боюнча 15:00дор чамасында катталган. Жер титирөөнүн очогу эки километр тереңдикте, эпиборбору 449 миң калкы бар Шанлыурфа шаарынан 123 чакырым түндүк-батышта жана 441 миң калкы бар Малатия провинциясынан 16 чакырым түштүк-чыгышта орун алган.

Алгач жер титирөөнүн күчү 5,6 балл деп айтылып, кийин 5,8 балл болгону маалымдалды.Табигый кырсыктарды жоюу бөлүмүнүн башчысы Юнус Сезер жер титирөөнүн кесепетинен бир киши каза болуп, 69 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылганын билдирди.

Буга чейин Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Малатия провинциясында кеминде эки адам жабыркаганын,  курмандыктар болгон жок деп үмүт артарын билдирген.

Йешилъюрт шаарында бир имарат урап түшкөнүн шаардын мэри Мехмет Чынар “Haber Global” телеканалына билдирди. 

Мурунку жер титирөөлөрдөн жабыркаган көп кабаттуу имараттын урап түшкөн учуру видеого түшүп калган.

https://t.me/ahabercomtr/1971?embed=1

Түркиянын Кахраманмараш провинциясында 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен эки катуу жер титирөө катталган.

Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.

Акыркы маалыматтар боюнча, табият кырсыгынан 44 374 адам каза болуп, миңдеген үйлөр кыйраган.

Жер титирөөнүн эпкини Түркиянын ондогон провинциясында жана коңшу мамлекеттерде сезилген. Алардын ичинен Сирия олуттуу жабыркады – ал жерде каза болгондордун саны 1,4 миңден ашты, дээрлик 2,5 миңи жаракат алды.

Комментарий жиберүү